Болот Шамшиевдин кайсы күнү жерге берилери айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер, народный артист СССР и Кыргызстана Болот Шамшиев
Режиссер, народный артист СССР и Кыргызстана Болот Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамшиев кечээ, 21-декабрда, Бишкек шаарында ооруканада көз жумган. Режиссёр ага чейин бир нече күн мурда кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев 24-декабрда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу "Кыргызфильм" киностудиясынын жетекчиси Айбек Жангазиев билдирди.

Ал эми аны менен коштошуу 24-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында саат 9:30да башталат.

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз кереметинин" жылдызы өчүп... Болот Шамшиевдин сүрөттө калган ирмемдери
Эскерте кетсек, Болот Шамшиев кечээ, 21-декабрда, Бишкек шаарында ооруканада көз жумган.

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин эл артисти наамдары бар. "Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка белгилүү кинолордун режиссёру.

Ал атактуу акын Төлөн Шамшиевдин уулу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0