15:22 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Коом
Кыскача шилтеме алуу
499411

Өлкөнүн биринчи адамдарын ташыган учак 1993-жылы чыккан. Аба кемесинин эскилиги жеткени байма-бай айтылып келет. Буга чейин президентти ташууга Boeing үлгүсүндөгү учак алуу сунушталган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарынан №1 борт менен эмес, кадимки каттамдагы учак менен Москва аркылуу келди. Бул тууралуу маалыматты Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев тастыктады.

Эскерте кетсек, өлкө башчы баштаган КР делегациясы Санкт-Петербургга Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн 20-декабрда барган.

"ТУ-154 учагынын үч кыймылдаткычынын бири иштебей, абага көтөрүлө алган эмес. Президент жана делегациянын жарымы ошол эле күнү Москвага келип, андан соң Бишкекке учушкан. Самолёт оңдолуп, делегациянын калган мүчөлөрү бүгүн учуп келишти", — деди Акышев.

Эскерте кетсек, өлкөнүн биринчи адамдарын ташыган учак 1993-жылы чыккан. Аба кемесинин эскилиги жеткени байма-бай айтылып келет. Буга чейин президентти ташууга Boeing үлгүсүндөгү учак алуу сунушталган.

Тема боюнча

Кыргыз учактары Европа асманында качан эркин учат? Авиация агенттигинин жообу
Бир да учагыбыз жок! Бүк түшкөн кыргыз авиациясынын абалы тууралуу арман кеп
Президент Жээнбековго Boeing үлгүсүндөгү учак алуу сунушталды
Белгилер:
учак, Сооронбай Жээнбеков, президент, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ