Кыргызча түш жоруган сотмедэксперт Владимир: манас айтканды таштабайм! Видео

© Sputnik / Эркин СадыковКырыз тилинде эркин сүйлөгөн соттук-медициналык эксперт Владимир Щербинин
Кырыз тилинде эркин сүйлөгөн соттук-медициналык эксперт Владимир Щербинин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28 жаштагы Владимир Щербинин кыргыз тилинде суудай сүйлөп, жадакалса күпүлдөп манас айтат. Соттук-медициналык эксперт жумушун аркалаганына карабастан, өнөрдүн бул түрүнө убакыт табат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Щербинин менен маек курду. Аны менен бетме-бет сүйлөшкөн адам кыргыз тилин эң жакшы өздөштүргөнүнө күбө болот экен.

— Владимир, алгач өзүңүз тууралуу айтып бересизби?

— Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз-Булак айылында төрөлгөм. Ата-энем экөө тең орус улутунан. Бабаларым Көлдө жашаптыр. Апам Казакстандан келген. Мен үйдүн улуусумун, карындашым жана иним бар. Учурда үй-бүлөм Россияда жашап жатат. Мен Бишкекте турам.

— Кыргыз тилин үйрөнүшүңүзгө айылдын жашоосу чоң таасир этсе керек. Ал эми манасты кандайча айтып калдыңыз?

— Ооба, кыргызча кантип үйрөнгөнүмдү байкабай деле калдым. Себеби үйдөн атам гана кыргызча сүйлөчү. Айланамдагы балдар, мектеп чоң таасирин берди. Балалыгым элеттик балдар сыяктуу эле чаң ызгыта ойноп, чүкө, ордо атып, ат минип, мал кайтарып, жер иштетүү менен өттү.

Преподаватель английского, японка Риса Мацумаро - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилин эки айда үйрөнгөн япон кызы Риса: тойдогу элди көрүп таң калдым
Ал эми манасты жаттап айтам. Бирок көпкө жаттап кыйналбайм, бир нече ирет окуганда эле эске түйүп алам. Биринчи жолу 5-классымда мектеп директору келип "алдыда сынак бар, орус бала манас айтса эл кызыгуу менен кабыл алат, сен жатташың керек" деп тапшырма берип кетти. Мен макул болуп манас айттым. Эл чындыгында жакшы кабыл алып, уюштуруучулар мактоо баракчасын берген. Бирок андан кийин манасты алып кеткен жокмун. Студент болгондо кайрадан уланттым. Учурда манасты баштан аяк окууга кириштим. Мен манас айтканды, окуганды эч качан таштабайм. Ал менин жашоомдун бир бөлүгүнө айланды. Деги эле ушул өнөрдүн жана кыргыз тилинин аркасы менен көп ишим аткарылды.

— Мисалы?

— 9-классты бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы лицейге тапшырганы барсам орундардын бардыгы толуп калыптыр. Эжем директоруна кирип "бул бала орус болгону менен кыргызча жакшы сүйлөйт, манас айтат" десе, абдан таң калып "бир парта киргизип, сени кошуп алсак эч нерсе болбойт" деп алып калган. Анан лицейдин маданий иш-чараларына калтырбай катышып жүрдүм.

Андан кийин Кыргыз-Орус славян университетинин медицина факультетине тапшырдым. Кыргыз тилден берген окутуучу фамилиямды көрүп башталгыч группага кошуп коюптур. Биринчи күнү дилбаян жаздырган. Кийинки сабакта окутуучу "Щербинин, сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң, бар, улантуучу группага кет" деп башка аудиторияга жөнөттү. Мен барган группада кыргызча жакшы билбеген кыргыз кыз бар экен, ал экөөбүздү алмаштырышты. Ошондо мугалим биздин кафедранын атынан сынактарга катышып турсаң, бааларыңды коюп берип турабыз дешкен. Көбүнчө Славян университетинин ичиндеги концерттерге катыштым.

Андан тышкары, ырчы Юрий Бобков өзү байланышка чыгып, КТРКдагы "Ырдайлы кыргыз ырларын" долбооруна эки ирет чакырган. Учурда тааныштарымдын тойлорунда манас айтып турам.

— Кыргыздын каада-салт, тарбиясынан дагы алып калсаңыз керек да?

— Сиңип калды. Тамашалап, сыртымдан орус болгонум менен жан дүйнөм кыргыз деп калам. Той, отуруштарга убагында бара албайм, канча аракет кылсам дагы кечигем (күлүп). Балдар нак кыргызсың дешет. Улуу-кичүүнү сыйлоону да туу тутам. Өзүмдөн чоңдорго "сиз", "байке", "эже" деп кайрылам. Бизде орустарда "сиз" дегенди башкача кабыл алышат. Эгер апама "сиз" деп кайрылсам андан алыс экенимди билдирет, "сен" деген экөөбүз жакын адамдарданбыз деген маанини берет. Нооруз майрамын, айттарда бири-бирибиздин үйүбүзгө барчубуз. Азыркыга чейин айылда классташ балдардыкына конокко барып турам. Үй жок деп сарсанаа болбойм, кимиси болсо тосуп алат. Той-жакшылыктарын калтырбайм.

— Медицина кызматкерисиз, ишиңизге да тил билгениңиз таасир берип жатабы?

Кыргыз тилчи Людмила Войтышина: мага орус тилинен сабак берүү татаал - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилчи Людмила Войтышина: мага орус тилинен сабак берүү татаал
— Албетте. Сотмедэксперт катары жабыркаган адамдар менен иш алып барабыз. Орусча суроо берсең бир-эки сүйлөм айтып токтоп, кыскартып сүйлөп калышат. Анан өзүм кыргызча сүйлөп баштасам "башында эле айтып койбойсуңбу" дешет. Константин аттуу кесиптешим мени котормочу кылып алган. Ага келген адамдар орусча кыйналып сүйлөп баштаганда "жүрү, жардам берчи" деп чакырат. Ортолоруна отуруп алып которуп берем.

— Жумушуңуз психологиялык жактан оорбу?

— Мен учурда Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборундагы филиалында эмгектенем. Өлгөн кишилер менен да, тирүү кишилер менен дагы иштейбиз.

Мен негизи хирург болом деген ой менен медицинага баргам. 6-класс кезимде жол кырсыгына кабылып, баш мээм катуу чайкалып, анын кесепетинен колдорум калчылдап турат. Убагында жакшы дарылана албай калгам. Биринчи курста Чүй облустук ооруканасында практика өтүп жатканда дарыгерлер ким болорумду сурап калышкандыктан "хирург" деп жооп бергем. Алар ачык эле менин колум калчылдап тургандыктан, операция жасоого болбой турганын айтып, башка тармакты тандашымды сунушташты.

Дермато-венеролог болуп иштеген жездем өзүнө чакырып, үйрөтүп, ишке аларын айтты. Бирок тери дарыгери болгум келген жок. 6-курста соттук-медициналык экспертиза боюнча сабак кирип калды. Практикаларга барганда жагып калып, ушул багытты тандайын дедим. Үйдөгүлөрдөн катуу жеме уктум. Алар "ушунча жыл окуп, киши "соесуңбу" дешти. Адам каалоосу жок ишти алып кете албасын түшүндүргөм.

© Sputnik / Эркин СадыковВладимир Щербинин: кыргызча кантип үйрөнгөнүмдү байкабай деле калдым. Себеби үйдөн атам гана кыргызча сүйлөчү. Айланамдагы балдар, мектеп чоң таасирин берди. Балалыгым элеттик балдар сыяктуу эле чаң ызгыта ойноп, чүкө, ордо атып, ат минип, мал кайтарып, жер иштетүү менен өттү.
Кыргызча түш жоруган сотмедэксперт Владимир: манас айтканды таштабайм! Видео - Sputnik Кыргызстан
Владимир Щербинин: кыргызча кантип үйрөнгөнүмдү байкабай деле калдым. Себеби үйдөн атам гана кыргызча сүйлөчү. Айланамдагы балдар, мектеп чоң таасирин берди. Балалыгым элеттик балдар сыяктуу эле чаң ызгыта ойноп, чүкө, ордо атып, ат минип, мал кайтарып, жер иштетүү менен өттү.

— Адатта дарыгерлер айлык аздыгын да арман кылып айтып калышат.

— Адам канча акча албасын, баары бир тойбойт. Жумушка каалоо болсо акчанын аздыгы деле маанилүү эмес экен. Маянасы жакшылардын арасында жумушуна мойнунан байлаган иттей болуп баргандарды көрүп жүрөбүз. Мен бир гана дарыгерлик менен жан бакпайм. Эски унааларды оңдоп кайра сатам. Гаражым бар. Автоунаа оңдогонду айылда жүргөндө атамдан үйрөнгөм. Негизи айыл жери балдарды бышык кылат экен. Эркектер өзүнө тиешелүү оокаттарды илгиртпей жасап, балта-чот кармаганды билиш керек деп ойлойм.

— Россияда ата-энеңиздикине барып турасызбы?

Кыргызга келин болгон Любовь апа: Россияны сагынам, бирок кетким келбейт - Sputnik Кыргызстан
Кыргызга келин болгон Любовь апа: Россияны сагынам, бирок кетким келбейт
— Бир жылда бир барам. Быйыл бара албай калдым. Алар жашаган Норильск жабык шаар. Ал жакка атайын виза ачуу керек же Россиянын жарандыгын алуу зарыл. Үй-бүлөм чакырып жатат. Бирок кетүү тууралуу ойлонгон жокмун. Азырынча мекенимде эле жашаган жагат.

— Бойдок экенсиз, жар тандоодо улутуна көңүл бурасызбы?

— Айырмасы жок. Жүрөгүмө жакканына үйлөнөм.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар, он жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Эртең эмне болуп кетерин билбейбиз да, ошондуктан көпкө план койбойм. Кийинки жылдан мугалим болоюн деп жатам. Манас айтканды, окуганды улантып, өркүндөтөм. YouTube каналымды ачып манас айткандарымды жүктөп турайын деген ой бар. Чыгарманы жаратылыш койнунда, тоо-ташта кызыктуу кылып тарттырсамбы дейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0