Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" пункту жабылат. Кайсы бекеттер иштейт?

Жазылуу
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пункту 2020-жылдын январынан тарта ремонт иштеринен улам жабылат. Андыктан транспорт каражаттары менен элдин өтүүсүнө чектөө киргизилет.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Чүй облусундагы кыргыз-казак чек арасында ремонттон өтө турган "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пунктунан тышкары дагы беш бекет бар экенин эскертти.

Ушу тапта "Ак-Тилек", "Токмок", "Кең-Булуң", "Кайыңды" жана "Чалдыбар" бекеттери күнү-түнү иштеп жатат.

"Учурда казак тарап менен "Токмок" жана "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу үчүнчү мамлекеттин жарандарын да өткөрүү маселеси талкууланып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Чек арадагы көзөмөл өткөрүү пункттарынын ишинин өзгөрүшү боюнча бардык маалыматтар кошумча кабарланат.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" (Казакстан тараптан "Кордай") көзөмөл өткөрүү пункту 2020-жылдын январынан тарта капиталдык оңдоо үчүн жабылат. Андыктан транспорт каражаттары менен кишилердин өтүүсүнө чектөө киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0