Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтүн узартуу пландалууда

© Sputnik / Эмиль СадыровЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп берилген айдоочулук күбөлүктөрдү (шарттуу түрдө "убактылуу" деп аталган) туруктууга алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартуу каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуулук мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдү (шарттуу түрдө "убактылуу" деп аталган) туруктууга алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Декабрдан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштаган.

"Өкмөт айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу учурундагы узун кезектерди эске алып, бардык жарандардын жаңысына алмаштырып жетишүүсү үчүн убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартууга ниеттенүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү чечимдин долбоору өкмөттүн аппаратында макулдашылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0