Күйөөм оорудум деп анткорлонуп жүрүптүр. Алданган келиндин каты

© AP Photo / David GoldmanКол кармашып турган жубайлар. Архив
Кол кармашып турган жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсүнө алданып жүргөн келиндин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы! Ушул тапта айламды таппай, кыйналып турган кезим. 14 жылдан бери чогуу жашаган күйөөм мени бетпактык менен алдап жүрүптүр. Ал жөн гана башка аял таап алса, балким, мынчалык туталанмак эместирмин.

Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иш деп жүрүп же күйөөдөн, же баладан жок калдым го... Аялдын армандуу каты
Экөөбүздүн эки кыз, бир уулубуз бар. Үй-жайлуубуз. Күйөөм өнөрпоз, аты чыккан жылдыз деле эмес, бирок той-топурларда тамадалык кылып, ырдап, айтор, жан бакканыбызга жетерлик акча табат. Өзү шайыр, тамашакөй, киши менен бат тил табышат. Буга чейин жашообуз сонун болчу. Көзүмдү карап, айтканымды айткандай жасап турчу. Бирок бир жылдан бери жашообуз өзгөрдү.

Алгач анын менден оолактай баштаганын байкадым. Үйгө мен уктап калганда келет. Эмне десем тойдомун деп коёт. Эрте келип калган күндөрү төшөккө биринчи жатып уктап калат. Башында элес алчу эмесмин, кийин тынчым кете баштады. Аял катары анын мага көңүл бурушун кадимкидей эңсеп, күтчү болдум. Чарчадым, маанайым жок, тиги жинге тийди, бул кыжырымды келтирди деп, акыры мени менен болбоонун жолун табат. Айлам кеткенде, башка бирөөнү таап алган го деп ачык сүйлөшүүнү чечтим. Ошол күнү өзү дагы сүйлөшкүсү келип жүргөндөй түр көрсөтүп, "менин ден соолугум жакшы болбой жатат, төшөктө алсыз болуп калдым" деген мааниде көп сөздөрдү айтты. Мунусун угуп алып, башка аял жок экенине бир чети сүйүнүп, экинчи жагынан эми ден соолугун кантебиз деп ого бетер санаага баттым.

Ошондон тарта интернетти казып, тааныш дарыгерлер менен сүйлөшүп көрдүм. Көп жылдан бери уролог болуп иштеп жүргөн эже "эркектер бел кубаты кетип, импотенцияга кабыла баштаганда психологиялык жактан аябай жабыркайт. Өзүн эч кимге кереги жок кишидей сезип, чүнчүйт, күйөөңө көп катуу сөз айтпай, алдап-соола, жардам бер" деди. Аны угуп алып мен такыр эле күйөөмдүн көзүн карап, кыл жугузбай бөпөлөп калдым. Ого бетер намысына тийбейин деп бир нече убакыт "жанына" жологон жокмун. Эч нерсе болбогондой,  жаркылдап тосуп алып, күлүп-жайнап жумушуна узатып жүрдүм. Бирок көпкө чыдай алган жокмун. Мен деле тирүү адаммын да. Бир күнү дарылана баштабайсыңбы деп кеп козгосом, ороңдоп кагып койду.

Кучакташып турган кыз жана жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызым үй-бүлөлүү киши менен мамиле куруп жүргөнүн билип калдым... Аялдын каты
Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде курбум WhatsApp аркылуу күйөөм тойдо башка келин менен кол кармашып турган сүрөттү салды. Көргөн көзүмө ишене албай, көпкө чейин маң болуп отурдум. Бир убакта өзүмө келип, сүрөттү күйөөмө жибердим. Ал көрөрү менен "кечирип кой, мен аны сүйөм" деп жооп берди. Ошондон кийин бир жумадай  дайынын билдирбей жоголуп кетти. Ал үйгө келгиче мен ыйлап-сыктап жатып, эмнегедир муздай түштүм. Баары түшүнүктүү да, мени алдап жүрүптүр. Бирок мени менен жашагысы келбей калса, төшөктө алсырап калдым деп анткорлонбой эле ачык айтпайт беле?

Үйгө келгенине он чакты күн болду. Эч ким биринчи сөз баштагысы келбейт. Чынын айтсам эмне кыларымды билбей калдым. Ажырашып кетейин дейм, үч балам атасыз чоңоёбу? Баарын унутуп жашай берейин дейм, мени аял катары көрбөгөн эркекке кантип калган жашоомду коротом?

Перизат Калмаматова, психолог:

— Урматтуу автор, чындап эле абалыңыз татаал экен. Бирок сөздөрүңүздөн жашоону баалай билген жан экениңиз билинип турат. "Мени баалабаган адамга калган өмүрүмдү коротомбу?" деген суроону койгонуңуз, сиздин өзүңүздү сыйлап, жашоого реалдуу карай турганыңыздан кабар берип турат.

Обращение пар к психологу - Sputnik Кыргызстан
Жаза тайдым, эми кантем?.. Жолдошунун көзүнө чөп салган келиндин каты
Эми күйөөңүздүн чыккынчылыгы тууралуу кеп кылсак. Психологиялык көз караш менен караганда, көзгө чөп салуунун бир нече себеби бар. Биринчиси — сүйүүнүн өчүп бара жатканы, экинчиси — түгөйүнөн каалаган нерсесин таба албай калган учур. Үчүнчүдөн, адам өзүнө алымсынбай, улам бир адамдан мактоо, жылуулук издеп калат. Анан, албетте, жеңил ойлуулук дагы бар. Сиздин жолдошуңуздун чыккынчылыгынын себебин билүү үчүн өзү менен сүйлөшүү керек. Сиз азыркы жүрөктү мыкчып турган абалдан чыккыңыз келсе, өзүңүздү кыйнап жүрө бербей, аны менен ачык сүйлөшүңүз. Албетте, бул сүйлөшүүдөн кийин баары орду-ордуна туруп калат деп эч ким кепилдик бербейт. Болгону аз болсо дагы жеңилдей түшөсүз. 

Менин кеңешим — азыр эч кандай чечим кабыл албаңыз, күйөөңүздү дагы мажбурлабаңыз. Сүйгөн адамга алданып калуу психологиялык оор сокку. Андан жабыркап турган адам эч качан туура чечим кабыл ала албайт. Кийин өкүнүп калбаш үчүн өзүңүзгө жана жолдошуңузга убакыт бериңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0