Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Ишемби күнү, 21-декабрда, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө 0...+5, Ысык-Көл, Талас аймактарында -3...+2, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +2...+7 градуска чейин жылуу болсо, Нарын жергесинде -6…-11 градус болот.

Бишкек, Ош шаарында жамгыр, кар жаайт. Күндүн табы борборубузда +2...+4 градус болсо, Ошто +4…+6 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0