Кыргыз-тажик чек арасындагы абал. Сүйлөшүү болду

© Sputnik / Эмиль СадыровЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ эртең мененки саат 9:30дар чамасында Көк-Таш айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары кер-мур айтыша кетип, ал жаңжалга чейин жеткен.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Эки өлкөнүн тийиштүү өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан Чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев, тажик тараптан Башкы штабдын жетекчиси Хикматулло Пираков башында турган өкүлдөр катышкан.

Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылардын өзүн алып жүрүү эрежелерин сактоосу, жаңжалдын алдын алуу аракеттери боюнча пикир алышкан.

"Жолугушуу учурунда эки тараптын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн аппараттары маалымат алмашууда тыгыз иштешүүсү керектиги белгиленди. Ошондой эле чек ара тилкелери такталбаган аймактарга өзгөчө көңүл буруп, профилактикалык иштерди жүргүзүү планы коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкесине эки өлкөнүн тургундары мыйзамсыз орнотуп алган дарбаза, тосмолор алып салынды.

Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Милиция нөөмөттө. Кыргыз-тажик чек арасында абал кандай?
18-декабрда эртең мененки саат 9:30дар чамасында Көк-Таш айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары кер-мур айтыша кетип, ал жаңжалга чейин жеткен. Кыргызстандын 80дей, Тажикстандын 100дөй тургуну бири-бирине таш ыргыткан.

Мындан улам эки мамлекеттин тийиштүү органдары чогулуп, көйгөйдү жөнгө салуу боюнча жолугушуу өткөрүп жаткан маалда тажик тараптагылар таш ыргытып, ок чыгарган. Анда алты киши жабыркаган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркагандардын төртөө аскер адамдары болсо, экөө карапайым жаран. Бир жай жаран менен бир аскерге ок тийген. Калгандары башынан жаракат алып, мээлери чайкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0