Милиция нөөмөттө. Кыргыз-тажик чек арасында абал кандай?

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Максат Лейлекского района Баткенской области
Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 17-декабрдан бери пикир келишпестиктер болуп келет. 18-декабрда өткөн сүйлөшүүлөр учурунда ок атылып, таш ыргытылып, Кыргызстандын алты жараны жаракат алган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Ушул тапта кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Укук коргоо органдары коомдук тартипти көзөмөлдөп, чек ара аймагында нөөмөттө турушат. Ал эми чек арачылар өздөрү күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Өткөрүү пункттары кадимкидей иштөөдө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр

Церемония вручения российской техники в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы менен ӨКМди түштүккө көчүрүү маселеси көтөрүлдү
17-декабрда коңшу мамлекеттин жарандары делген адамдар Баткен облусунун Көк-Таш айылына бараткан жолдо, чек арага жакын жерден кыргызстандык кишини сабап кеткен. Жабыркаган адам Баткен облустук ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кийин эки мамлекеттин тийиштүү органдары чогулуп, көйгөйдү жөнгө салуу боюнча жолугушуу өткөрүп жаткан маалда тажик тараптагылар таш ыргытып, ок чыгарган. Анда алты киши жабыркаган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркагандардын төртөө аскер адамдары болсо, экөө карапайым жаран. Бир жай жаран менен бир аскерге ок тийген. Калгандары башынан жаракат алып, мээлери чайкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0