Шашылыш билдирүү! Күн сууктап, жаан-чачын катуу жаайт

Жазылуу
Өзгөрүлмөлүү аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. 21-декабрда күндүз жана 22-23-декабрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адаттан тыш жылуу болобу? Январга карата аба ырайынын божомолу
Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.

24-26-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8 градус суук, Чүй облусунун түндүгүндө -7…-12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3 сууктан…+2 градус жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Мындай өзгөрүлмөлүү аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылын кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0