Участники митинга в защиту свободы слова, СМИ и против коррупции на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

Сөз эркиндигин коргоо үчүн Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Онлайн репортаж

Жазылуу
Бишкекте митинг өтүп жатат. Уюштуруучулар акциянын максаты сөз эркиндигин коргоо жана коррупцияга каршы туруу экенин билдирди.

Митингге шаардыктар, активисттер, журналисттер чыккан. Акцияга чыгуу демилгеси Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов үч ЖМКга миллиондогон доо койгондон кийин жаралган.

Буга чейин 25-ноябрда дагы ушул сыяктуу акция бажыдагы коррупция жана уурулукка каршы маанайда өткөн.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
13:18 18.12.2019

Митингге чогулгандар толук тарай элек.

12:45 18.12.2019
Митинг в защиту свободы слова, СМИ и против коррупции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12:37 18.12.2019

REакция аталышындагы тынчтык митингине чогулгандардын алды тарай баштады.

12:27 18.12.2019
Митинг в защиту свободы слова, СМИ и против коррупции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12:17 18.12.2019

Желек көтөрүп чыккандардын башында "Кыргыз чоролору" бирикмесинин жетекчиси Замир Көчөрбаев турат. Ал келгендерди калпак кийип, беткабын чечүүгө чакырды.

12:11 18.12.2019

Тынчтык митингинин катышуучулары кызыл карточканы көтөрүүдө.

12:10 18.12.2019
12:06 18.12.2019

Кырк чорого элечекчен, жолукчан кыз-келиндер дагы келип кошулууда

Митинг в защиту свободы слова, СМИ и против коррупции в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
12:02 18.12.2019
Митинг в защиту свободы слова, СМИ и против коррупции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12:01 18.12.2019

Калпакчандарды жолдун берки бетине өткөрүштү. Алар Манастын эстелиги жакка бет алышты.

Митинг в защиту свободы слова, СМИ и против коррупции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:55 18.12.2019

Кабарчыбыздин билдиришинче, батыштан чыгышты карай башына калпак кийип, желек көтөргөндөр митингчилерди көздөй басып келишти.

Алардын көбү беткап тагынып алышкан, милиция аларды өткөрбөй кармап тосуп турат.

11:53 18.12.2019

Уюштуруучулар митинг саат 12:00дө башталарын айтты.

11:46 18.12.2019

Кабарчыбыздын жеринен кабарлашынча, Кыргызстандын желегин колуна кармап жүргөндөрдү да кезиктирүүгө болот.

Айрымдары "Жаштар биздин келечек" деп айткансыздар. Мына биз ушул жердебиз!" деген плакатты да көтөрүп чыгышкан.

11:41 18.12.2019

Чогулгандар бүгүн бийликке кызыл айып кагазын көргөзө турганын айтууда. Көпчүлүгү колуна "Мен жай тургунмун" деген плакаттарды кармап алышкан.

11:41 18.12.2019
11:39 18.12.2019
Митинг в защиту свободы слова, СМИ и против коррупции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:38 18.12.2019

Митинг башталуу алдында турат. Ага чейин Керим Тураповдун айылды эске салган ыры жаңырууда.

11:37 18.12.2019

#REакция акциясынын катышуучулары 7-апрель курмандыктарынын эстелигинин алдына чогулууда. Кабарчыбиздин жеринен билдиришинче, учурда 100-130дай киши келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0