Республикалык олимпиаданын экинчи туру жаңы шарт менен өтөт

© AFP / GEORGES GOBETЭкзамен тапшырып жаткан окуучу. Архив
Экзамен тапшырып жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим жарышынын бул туруна өлкөнүн бардык мектептеринде өткөн олимпиаданын 1-турунда 1-2-3-орунду алгандар катышат. Иш-чара эки – практикалык жана теориялык этаптан турат. 

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. 19-20-декабрь күндөрү өтө турган республикалык олимпиаданын экинчи туруна 27 миңдей окуучу катышат. Анын өзгөчөлүгү тапшырмаларды мурдагыдай райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү эмес, көз карандысыз эксперттер берет.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, тапшырмалар сынак үчүн жооптуу кызматкерлердин электрондук даректерине бир мезгилде жөнөтүлөт. Ар бир тур жыйынтыкталгандан кийин калыстар үчүн баалоо критерийлеринин инструкциясы жиберилет.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
2023-жылдан тарта мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргызча эркин сүйлөшү керек. Жаңы талап
Белгилей кетсек, министрлик олимпиаданын экинчи турунун тапшырмаларын түзүү үчүн биринчи жолу көз карандысыз уюмду тартты. Буга чейин мындай тажрыйба сынактын облустук жана республикалык этаптарында колдонулган.

Билим жарышынын бул туруна өлкөнүн бардык мектептеринде өткөн олимпиаданын 1-турунда 1-2-3-орунду алгандар катышат. Иш-чара эки – практикалык жана теориялык этаптан турат. 

Окуучулар күч сынашчу сабактар:

  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз тили жана адабияты;
  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн орус тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн орус тили жана адабияты;
  • англис тили;
  • математика;
  • информатика;
  • физика;
  • химия;
  • биология;
  • география;
  • тарых.

Республикалык олимпиаданын экинчи турун өткөрүү жоопкерчилиги райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жүктөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0