Момун чалды 10 жыл бою ойногон. Актер Марат Алышпаев жөнүндө 6 факты

© Фото / Александр ФедоровКыргыз эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Марат Алышпаев
Кыргыз эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Марат Алышпаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргыз эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Марат Алышпаевдин туулган күнү. Өмүрүн кино менен театрга арнаган инсан 72 жашка толду.

Пенсия курагында экенине карабай дагы деле театрда эмгектенген залкарды Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактылар менен куттуктайт.

Ырчы болгусу келген. Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында жарык дүйнөгө келип, балалыгы көл жээгинде өткөн. Жаштайынан ырчы болгусу келип, 1965-жылы элеттеги мектепти аяктагандан кийин Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырган. Бирок 2-курста окуп жүргөн кезинде Москвадагы театралдык институттан мугалимдер келип, жаш талант алардын сынагынан өтүп кеткен. Ошентип Фрунзедеги окуусун таштап, башка шаарга жол тарткан.

Публикация от Marat Alyshpaev (@maratalyshpaev)

Момун чалды 10 жыл ойногон. Москвадагы окуусун 27 жашында бүтүп келип, эмгек жолун Ош шаардык драма театрында баштап, алгач Чыңгыз Айматовдун "Ак кеме" чыгармасындагы Момун чалдын ролун 1975-жылдан 1985-жылга чейин аткарган. Кийин Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук куудулдар театрын негиздеп, Рахман Разыков, Жамбыл Камчиев, Манас Бердибеков, Жаныбек Алыкуловдор менен иштеп, аларга баш-көз болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Marat Alyshpaev (@maratalyshpaev)

Мыкты уюштуруучу. 2003-жылы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси, директору болуп дайындалган. Аталган театр анын жетектөөсүнүн алдында өлкөдөгү эң ийгиликтүү чыгармачыл топтордун бирине айланган. Андан соң Маданият жана маалымат министрлигиндеги Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жетекчиси болуп дайындалып, ал жактан да бир топ ийгиликтерди багындырган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Marat Alyshpaev (@maratalyshpaev)

Театр, киного байланган өмүр. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти театрда дүйнөлүк классикадагы Гамлет, Король Лирден тарта, ошондой эле кыргыз элинин бир топ чыгармаларында 100гө жакын образ жараткан. Кызыгы, Казат Акматовдун "Ажырашуу түнү" пьесасындагы башкы каармандын образын 3,5 саатка чейин сахнада жалгыз ойногон. Ал эми кинодо аракечтен баштап өлкө башчысына чейин аткарып, 20дан ашык тасмада роль жараткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Marat Alyshpaev (@maratalyshpaev)

Жөнөкөй залкар. Кыргыз эл артисти азыр дагы театрда эмгектенип, кино тармагында да иштеп келет. Замандаштары Алышпаевди атактуу Советбек Жумадыловдун ордун баскан таланттуу актер экендигин баса белгилешет. Кезинде өзүнүн көптөгөн тасмаларына тарткан режиссер Геннадий Базаров Марат Алышпаев өтө жөнөкөй, ишине берилген, иштешүүгө өтө жеңил болгон кесипкөй инсан экендигин айтат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Marat Alyshpaev (@maratalyshpaev)

Аялы өзүнөн 21 жаш кичүү. Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, бир топ фестивалдардын катышуучусунун биринчи аялынан үч баласы бар. Экинчи жары өзүнөн 21 жаш кичүү ырчы Дилбар Райымбекова. Алар учурда эки кызды тарбиялоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0