07:17 28 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0201
  • RUB1.1205
Коом

Кызы “аталап” чуркап... Равшан Жээнбеков камакка алынды. Видео

Кыскача шилтеме алуу
560410
© Sputnik / Нурис Алымбаев

Экс-депутатка Кылмыш-жаза кодексинин 244 ("Барымтага алуу") жана 264-беренелери ("Массалык башаламандык уюштуруу") боюнча айып тагылууда.

Биринчи Май райондук соту мурунку депутат Равшан Жээнбековду тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.

Адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, Жээнбеков ал жакта 2020-жылдын 9-февралына чейин болот.

Жээнбековду Биринчи Май райондук сотунун аймагынан алып чыгып кетип жатканда кызы артынан “аталап” чуркаган. Жакындары да автоунаанын чыгып кетишине тоскоолдук жаратышкан.

Буга чейин экс-депутаттын ИИМдин Тергөө башкармалыгына сурак бергенден кийин Кылмыш-жаза кодексинин 244 ("Барымтага алуу") жана 264-беренелери ("Массалык башаламандык уюштуруу")  боюнча кармалганы маалымдалган.

Равшан Жээнбеков парламенттин V чакырылышынын депутаты болуп шайланып келген. Кой-Таш окуясында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарабында болгону белгилүү.

Тема боюнча

Равшан Жээнбеков кармалды
Белгилер:
Алмазбек Атамбаев, камак, Равшан Жээнбеков

Дагы видео

  • Исполнительный секретарь национальной Федерации дзюдо КР Урматбек Маткеримов во время беседы на радио
    Акыркы жаңылоо: 22:07 27.01.2020
    22:07 27.01.2020

    Маткеримов: өлкөдө дзюдо спорту өнүгүп жатат

    Улуттук дзюдо федерациясынын аткаруучу катчысы Урматбек Маткеримов алдыда өтө турган дзюдо боюнча чемпионаттын максаты 2020-жылга карата кыз-келиндер жана эркектер арасында улуттук курамды аныктоо жана түзүү экенин айтты.

    11
  • Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт
    Акыркы жаңылоо: 21:47 27.01.2020
    21:47 27.01.2020

    Жээнбеков чек ара боюнча маанилүү документке кол койду

    Документке ылайык, Кыргызстандын өткөрмө пункттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы талаптарына шайкеш келтирүү мөөнөтүн 2021-жылдын 12-августуна чейин узартылды.

    114
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев
    Акыркы жаңылоо: 21:11 27.01.2020
    21:11 27.01.2020

    Догоев: жарандардын маалыматтык коопсуздугун коргогон мекеме түзүлөт

    Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев жарандардын маалыматтык коопсуздугун коргогон мекеме жакында ишке кирерин айтты.

    14
  • Дорога в одном из сел в Кочкорском районе Нарынской области
    Акыркы жаңылоо: 21:02 27.01.2020
    21:02 27.01.2020

    Шейшембиге карата аба ырайы

    Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо жана тоолуу жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

    30

ЭҢ МААНИЛҮҮ