15:09 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Коом
Кыскача шилтеме алуу
702 0 0

Нарында салынган үй бюджеттик мекемеде иштегендерге берилет. Программа боюнча алар алты пайыздык ипотека менен бир же эки бөлмөлүү батир алышат.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Нарын шаарында беш кабаттуу, 60 батирлүү үй колдонууга даяр. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотека компаниясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге таянсак, буга чейин МИК "Ижарага алып, кийин сатып ал" деген жаңы механизмин иштеп чыккан. Анда МИКтин балансындагы турак жай 15 жылга чейин ижарага берилип, кийин аны сатып алуу каралган.

"Программа ишке ашып, үй колдонууга даяр. Нарын мэриясы үй алчулардын тизмесин түзө баштады. Кызыккан кардарлар Нарын мэриясына кайрылса болот", — деп жазылат маалыматта.

Программанын тартиби

Бул үйдү 15 жылга алты пайыз ипотека менен алса болот. Аны алган адам ай сайын карызын төлөп турат. Эки бөлмөлүү үй алса, ага ай сайын 17 181 сомдон төлөйт. Эгер бир бөлмөлүү батир алса 12 523 сомдон берип турмакчы. Үй алган адам карызын 15 жылга чейин деле төлөп кутулуп салса болот. Мындай учурда үй анын менчик турак жайы болуп калмакчы.

Насыяны жана ижара акысын өз-өзүнчө төлөө керекпи?

Иш жүзүндө программанын катышуучусу аны өз баасында сатып алат, ага алты пайыз үстөк кошулат. Башкача айтканда, чарчы метрдин баасы батирдин аянтына көбөйтүлөт, андан кийин төлөй турчу айга бөлүнөт, ага кошумча алты пайызы кошулат.

Төлөй албай калса эмне болот?

Батирден чыгып кетесиз. Төлөм мөөнөтүн узартуу каралган эмес, себеби бул тамдар үстөк пайыз кошулуп турган бюджеттик акчага сатып алынган.

Бюджеттик мекемеде иштебегендер алса болобу?

Бул механизмди мугалимдер, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлер пайдалана алат. Кийинчерээк бюджетте иштеген башка кызматкерлер менен жеке мамлекеттик кызматта иштегендер да кошулат.

"Ижарага алып, кийин сатып ал" программасынын артыкчылыгы

Батирлер куруучу тараптын менчигинде болбогондуктан баштапкы төлөмдүн кереги жок. Ал ижарада болот.

Батирлердин жалпы аянты канча?

  • бир бөлмөлүү үйдүн жалпы аянты 37,1 чарчы метр. Анын ичинде ашкананын аянты 7,8 чарчы метрди түзөт;
  • эки бөлмөлүү батирдин жалпы аянты 50,9 чарчы метр. Анын ичинде ашканасынын аянты 6,4 чарчы метр.
  • 60 батирдин 30у — эки бөлмөлүү, 30у — бир бөлмөлүү.

Кененирээк маалыматты Мамлекеттик ипотека компаниясына кайрылып билүүгө болот.

Тема боюнча

Үсөнакун уулу: Мамлекеттик ипотекалык компания эми үй бере баштайт
Үйлүү болуунун дагы бир жолу. МИК жаңы механизмди түшүндүрүп берди
Белгилер:
программа, батир, үй, Мамлекеттик ипотекалык компания, Нарын шаары

ЭҢ МААНИЛҮҮ