14 миң долларлык айлыгын таштап... Кыргызстанды гүлдөтөм деп кайткан 6 жигит

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн жаштар. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макаладагы каармандардын ар бири — дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө окуп, ийгиликке жете алгандар. Ошого карабай алар мекен үчүн артка кайтып келишкен.

Эл арасында "акылдуулар чет өлкөгө кетип калышкан" деген пикирлер айтылып эле жүрөт. Чындап эле сыртта бир нече тилде эркин сүйлөп, дүйнөдө таанымал ишканаларда иштеп жүргөн кыргызстандыктар жок эмес.

Бирок канчалык тоскоолдуктарды баштан кечирип, эми жемишин көрчү учурга жеткенде Кыргызстанга кызмат кылам деп кайтып келгендер бар. Аз, бирок бар.

Бүгүн Sputnik бычакка сап алты жигитти тизмектеди. Ар биринин ийгилиги жаштарга үлгү болорлук.

Мирлан Акжигитов

© Sputnik / Кайрат ЖаныкуловМирлан Акжигитов
14 миң долларлык айлыгын таштап... Кыргызстанды гүлдөтөм деп кайткан 6 жигит - Sputnik Кыргызстан
Мирлан Акжигитов

Мирлан Акжигитов Улуу Британиядан Кыргызстанга кайтканына 13 жыл болду. Ал Брэдфорд шаарына бир жылдык курста окууга 19 жашында барып, андан ары иштеп кеткен. Студент болуп жүрүп эле KFC тамактануу жайына тазалоочу болуп орношкон. Англис тилин билгендиги жана эмгекчилдигинин аркасы менен көп өтпөй эле ошол жердин шеф-менеджерлигине көтөрүлгөн. Кийин Брэдфорддон жарым сааттык жерде жайгашкан Лидс деген шаардагы дүкөнгө сатуучу болуп кирип, Кыргызстан үчүн жомоктогудай айлык, тагыраагы, айына 13-14 миң доллар таба баштаган. Бирок мунун баарын таштап, 2006-жылы мекенине кайткан.

Азыр Акжигитов өнөктөштөрү менен биргеликте рынокто бири-бирине атаандаш үч курулуш компаниясына ээлик кылат. Мындан тышкары, айтылуу бренддердин бирин Бишкекке франшиза жолу менен алып келген. Кыскасы, бир топ кишини иш менен камсыз кылган.

Дамир Осмонов

© Фото / Бакыт КулчумановДамир Осмонов
14 миң долларлык айлыгын таштап... Кыргызстанды гүлдөтөм деп кайткан 6 жигит - Sputnik Кыргызстан
Дамир Осмонов

"Чет өлкөдөн тажрыйба алып, мекениме кызмат кылам" деп өзүнө берген убадасына турган адистердин бири — кардиолог Дамир Осмонов. Ал Түркия мамлекетинде дарыгер дипломуна ээ болуп, кийин Стамбул жана Алматы шаарларында эмгектенген. Өзүнүн айтымында, Кыргызстанга кайтып келүү оңой болгон жок. Анткени ал өткөн даярдыкка, толук кандуу иштеп кетүүсүнө мамлекеттик ооруканалардын шарты такыр туура келчү эмес.

Бирок Осмоновго жеке клиника ачып жаткан ишкер чогуу  иштешүүнү сунуш кылып, керектүү жабдуулардын бардыгын сатып берген. Азыр ал жеке клиниканын башкы дарыгери.

Руслан Шаршебаев

© Sputnik / Табылды КадырбековРуслан Шаршебаев
14 миң долларлык айлыгын таштап... Кыргызстанды гүлдөтөм деп кайткан 6 жигит - Sputnik Кыргызстан
Руслан Шаршебаев

Түркияда билим алып, мыкты ооруканаларда иштеп жүрүп, туулган жерине кайткан дагы бир дарыгер — Руслан Шаршебаев. Ал дагы жөн келбей, инсульт, залалдуу шишик сыяктуу кооптуу ооруларды рентгенохирургия жолу менен дарылоону үйрөнүп келди. Жөнөкөй тил менен айтканда денеге бычак тийгизбей, Кыргызстан үчүн жаңы болуп эсептелген ыкма менен операцияларды жасайт. Өзүнүн айтымында, бул нерсе кыргызстандыктар үчүн сапаттуу гана дарыланып тим болбой, миңдеген долларын үнөмдөп калууга жардам берет. Анткени биздин мекендештер ушул сыяктуу операцияларды жасатуу үчүн ошол эле Түркия, Индия сыяктуу өлкөлөргө барып жүрүшөт.

Русландын Бишкекте иштеп жатканына жыл айлана элек.

Бакыт Токтоказиев

© Sputnik / Табылды КадырбековБакыт Токтоказиев
14 миң долларлык айлыгын таштап... Кыргызстанды гүлдөтөм деп кайткан 6 жигит - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Токтоказиев

Бакыт Токтоказиев Бишкектен алган медициналык билимин Москвадагы Н.И.Пирогов атындагы университетте, андан соң А.С.Логинов атындагы клиникалык илимий-практикалык борбордо тереңдеткен. Кесиби — хирург-онколог. Окуусун аяктаган соң эки жыл Москва шаарындагы №31 ооруканада иштеген. Кыргызстанда иштеп жатканына бир жыл болду.

Азыр ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын Илимий-практикалык борборунда директордун орун басары.

Алмаз Арапов

Алмаз Арапов аттуу мекендешибиз чет өлкөдөн Кыргызстанга билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн кайтып келген. Жеке академиясы бар, анда "окуйм" деген балдарды дүйнөлүк стандартка даярдашат. Башкача айтканда, балдардын чет өлкөдө сапаттуу билим алып, эл аралык тажрыйба топтоосуна жардам берет.

Өзү Түркиядан тарта АКШ, Германия, Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө окуп, ири ишканаларында иштеген. Түркияда окуп жүргөндө Япониядагы ири фонддордун бири менен иштешип, стипендия алчу. Кийин Японияда оң рулдуу унааларды экспорттоп, ишкерлик кылган. Андан соң АКШнын юридикалык департаментинин виза бөлүмүндө, Германиядагы Microsoft компаниясынан кийинки эле орунда турган IT-компанияда эмгектенген.

Алтынбек Исмаилов

© Sputnik / Табылды КадырбековАлтынбек Исмаилов
14 миң долларлык айлыгын таштап... Кыргызстанды гүлдөтөм деп кайткан 6 жигит - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Исмаилов

Алтынбек Исмаилов былтыр өкмөттүн алдындагы Жогорку технологиялар паркынын директору болуп дайындалган. Ага чейин АКШдагы Колумбия университетинде "Экономика жана саясий өнүгүү" адистиги боюнча билимин тереңдетип, бир канча ири долбоорлорго катышып келген.

Обучающийся в докторантуре в Саудовской Аравии Доолос Айбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат
Мисалы, Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы үчүн жасалган чакан ишканаларды өнүктүрүү долбооруна кол кабыш кылган. Кийин Эл аралык экономиканы өнүктүрүү кеңешинде тажрыйба алган.

Учурдагы негизги максаттарынын бири — артыкчылыктуу, бирок Кыргызстандын экономикасына жарытарлык салым кошо элек IT тармагын биздин өлкө үчүн кирешелүү тармактардын катарына кошуу.

Баса, макаладагы ар бир каармандын Sputnik сайтында маеги бар. Анда алар чет жерде кантип билим алып, ийгиликке жетүү үчүн башынан кандай тоскоолдуктарды өткөргөнүн айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0