Айтматов атындагы жаштар сыйлыгын кимдер кайсы эмгеги үчүн алды. Тизме

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевНаграждение государственной молодежной премии им. Айтматова в Бишкеке
Награждение государственной молодежной премии им. Айтматова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик жаштар сыйлыгын алгандардын арасында ийгилик жаратып жүргөн спортчулар жана маркум журналист бар.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Быйыл негизделген Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы өз ээлерин тапты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сыйлыктарды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырып, жаштар үчүн бул чоң сый-урмат жана аброй экенин белгиледи. Айтматовдун көзү тирүү болгондо 12-декабрда 91 жашка чыкмак.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБыйыл негизделген Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы өз ээлерин тапты
Быйыл негизделген Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы өз ээлерин тапты - Sputnik Кыргызстан
1/5
Быйыл негизделген Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы өз ээлерин тапты
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевСыйлыктарды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырып, жаштар үчүн бул чоң сый-урмат жана аброй экенин белгиледи.
Сыйлыктарды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырып, жаштар үчүн бул чоң сый-урмат жана аброй экенин белгиледи.  - Sputnik Кыргызстан
2/5
Сыйлыктарды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырып, жаштар үчүн бул чоң сый-урмат жана аброй экенин белгиледи.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАйтматовдун көзү тирүү болгондо 12-декабрда 91 жашка чыкмак.
Айтматовдун көзү тирүү болгондо 12-декабрда 91 жашка чыкмак. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Айтматовдун көзү тирүү болгондо 12-декабрда 91 жашка чыкмак.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөт башчы лауреаттар жана дипломанттар ар кандай тармактардан өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн жаштар экенин билдирди.
Өкмөт башчы лауреаттар жана дипломанттар ар кандай тармактардан өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн жаштар экенин билдирди. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Өкмөт башчы лауреаттар жана дипломанттар ар кандай тармактардан өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн жаштар экенин билдирди.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБыйыл негизделген Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы өз ээлерин тапты
Быйыл негизделген Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы өз ээлерин тапты - Sputnik Кыргызстан
5/5
Быйыл негизделген Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы өз ээлерин тапты
1/5
Быйыл негизделген Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы өз ээлерин тапты
2/5
Сыйлыктарды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырып, жаштар үчүн бул чоң сый-урмат жана аброй экенин белгиледи.
3/5
Айтматовдун көзү тирүү болгондо 12-декабрда 91 жашка чыкмак.
4/5
Өкмөт башчы лауреаттар жана дипломанттар ар кандай тармактардан өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн жаштар экенин билдирди.
5/5
Быйыл негизделген Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы өз ээлерин тапты

Өкмөт башчы лауреаттар жана дипломанттар ар кандай тармактардан өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн жаштар экенин билдирди.

"Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты" наамын алгандар:

  • Акжол Доранбек уулу — адабият жаатындагы мыкты чыгарма;
  • Уланбек Эгизбаев (көзү өткөндөн кийин) — журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма;
  • Арзымат Жороев — Ккөркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство);
  • Ызат Исаков — шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор;
  • Дастан Жапар уулу — кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер);
  • Адилет Токтогулов — илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш;
  • Нурсултан Кубанов — экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик;
  • Айсулуу Тыныбекова — спорт жаатындагы мыкты жетишкендик;
  • Азамат Баялинов — жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн.
  • Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты болгондор:
  • Адилет Зарылбек уулу — адабият жаатындагы мыкты чыгарма;
  • Гүлшан Таалайбекова — музыкалык искусстводогу мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик;
  • Тамила Маматова — көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство);
  • Атай Өмүрбеков — театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы;
  • Байгелди Нурдинов — илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш;
  • Нургүл Абдыкеримова — экономика, бизнес жана меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик;
  • Дарья Маслова — спорт жаатындагы мыкты жетишкендик;
  • Иззат Берхмаматов — жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн;
Жаңылыктар түрмөгү
0