Сооронбай Жээнбеков БАЭде жашаган мекендештер менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента Сооронбая Жээнбекова с руководителями СМИ Кыргызской Республики
Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с руководителями СМИ Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Араб өлкөсүндөгү кыргызстандыктар визалык процедураларды жөнөкөйлөштүрүү, коррупция менен күрөшүү, эмгек миграциясын азайтуу өңдүү суроолорду узатышкан.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмирлигине болгон расмий сапарынын алкагында мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Жээнбеков араб өлкөлөрүнүн ичинен кыргызстандыктардын эң чоң диаспорасы БАЭде жайгашканын, алардын көпчүлүгү жаштардан турарын белгилеген.

Иш-чара суроо-жооп форматында өттү.

"Мекендештер визалык процедураларды жөнөкөйлөштүрүү, коррупция менен күрөшүү, соттук реформа, билим берүү системасындагы жаңычылдыктар, экономиканы өнүктүрүү, БАЭ менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү чаралары, мекендештерди колдоо, эмгек миграциясын азайтуу, ишкерлик үчүн шарттарды түзүүгө байланышкан суроолорду беришти", — деп айтылат маалыматта.

Мекендештердин суроолоруна президенттен тышкары расмий делегациянын мүчөлөрү да жооп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0