Стерник: 2020-жылы Россия менен Кыргызстандын кызматташуусу активдешет

© Фото / МГИМО Университет МИД РоссииДиректор Третьего департамента стран СНГ МИД России Александр Стерник
Директор Третьего департамента стран СНГ МИД России Александр Стерник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча үчүнчү департаментинин директору Александр Стерник Борбор Азия, Казакстан өлкөлөрүнүн тышкы ведомстволорунун ортосундагы кызматташуу боюнча айтып берди.

Ал гуманитардык-саясий, экономикалык багытта, газ, көмүр импорттоо жаатындагы алака-катнаштарга токтолду.

— 2020-жыл Россия менен Кыргызстандын бири-бирине арнаган жылы болот. Анын алкагында ТИМ өкүлдөрүнүн эки тараптуу иш сапарлары күтүлөбү? Тараптар бул жылы кандай иш-чараларды пландап жатат?

— Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин быйылкы жылдын 28-мартындагы билдирүүсүндө келерки жыл — Россия менен Кыргызстандын бири-бирине арнаган жылы болору айтылган.

Встреча вице-премьер-министра КР Жениша Разакова с спецпредставителем президента РФ Михаилом Швыдким - Sputnik Кыргызстан
КР менен РФтин кайчылаш жылы. Путиндин атайын өкүлү менен Разаков жолукту
Россия тарабынан уюштуруу комитетинин курамы бекитилди. Жакын арада саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык иш-чараларга даярдыктар башталат. Алар эки мамлекеттин борбор калаасында жана бир катар шаарларында өтөт.

Россия тарап менен кыргыз өнөктөштөрдүн сунушу үндөшүп, аны эми уюштуруу комитети бекитет. Алардын эң маанилүүсү эки мамлекеттин башчыларынын катышуусу менен өтөт, аймактар аралык конференция, жаштар форуму, маданий күндөр болот. Буга кошумча Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чаралар уюштурулат.

Кызматташуу жаатында 2020-жылдын көзгө толумдуусу — Москва менен Бишкектин көп тармактуу алакасы болорун белгилеп кетким келет.

— Казакстандын соода жана интеграция боюнча вице-министри Кайрат Торебаев алар Украинага сатылган транзиттик көмүргө Россиянын квотаны көбөйтүүсүнө кызыкдар экендигин билдирди. РФтин буга ниети барбы?

— Киев Донбасстан, Россиядан көмүр алуудан баш тарткандан кийин казакстандык өнөктөштөр Украинага көмүр сата баштаган. Биздин аймак аркылуу өткөн "транзиттик" көмүрдүн квотасы россиялык темир жолдун ташыган товарларынын көп же аздыгына, өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө жараша аныкталат.

Ноябрь айынан тарта бул квота 140 миң тоннага көбөйтүлгөн. Эксперттердин баасы боюнча бул толугу менен эле кырдаалга шайкеш келген чечим.

— Келе жаткан жылга Россия менен Өзбекстандын ТИМ жетекчилеринин кандай иш-чаралары пландалган? Мындан сырткары Түркмөнстан, Тажикстандын тышкы иштер боюнча ведомстволорунун жетекчилеринин сапарлары боюнча да уксак?

Швейный цех Аселим в селе Кара-Тектир в Токтогульском районе - Sputnik Кыргызстан
КР тигүүчүлөрү Россия рыногун багынтуу үчүн эмне кылышы керек? Жол-жобосу
— Лавровдун 2020-жылдын январында Өзбекстанга жасала турган иш сапары даярдалып жатат. Андан сырткары, Ташкент шаарындагы МГИМОнун филиалында чыгып сүйлөшүү да пландалууда.

2020-жылы Өзбекстан КМШга төрагалык кылат. Андыктан биздин министрлердин шериктештик алкагында дагы бир топ жолугушуулары болмокчу.

Ал эми Тажикстанга токтолсок, эки тараптын тышкы саясат боюнча ведомстволорунун башчылары жакында эле расмий сапарларды жасады. 2018-жылдын апрелинде Сироджиддин Мухриддин Москвага, 2019-жылдын февралында Сергей Лавров Душанбеге барды.

Быйылкы жылдын 5-6-февралында Лавров Түркмөнстанда иш сапар менен болду. Кесиптеши, Түркмөнстан ТИМ жетекчиси Рашид Мередов Россияга эки ирет келип кетти. Бири — КМШнын ТИМ жетекчилеринин жыйынында, экинчиси июнда Петербургда өткөн экономикалык форумда болду.

Эки ведомствонун жетекчилери эл аралык иш-чаралардын аянтчаларында арбын кездешип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0