Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда кар жаайт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кар жаашы ушул жумада башталат. Кыргызгидромет аба ырайы 16-декабрга чейин өзгөрүп турарын болжоп жатат.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Эртең Кыргызстандын бир катар аймактарында кар жаашы күтүлөт. 13-15-декабрь аралыгында аба ырайы өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-декабрь күнү Жалал-Абад, Талас, Чүй, Ош, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында кар жаайт. Ысык-Көл менен Нарында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-15-декабрда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүндө кар жаайт.

15-декабрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы ыктымал. Ош менен Баткенде жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0