20:09 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7407
  • EUR77.2797
  • RUB1.1279
Коом
Кыскача шилтеме алуу
118 0 0

Борбор калаада башкы балатынын оту жанат. Буга байланыштуу Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү жабылат.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Эртең, 13-декабрда, Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечки саат 19:00дө "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатынын оту жанат. Буга байланыштуу Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү саат 17:00дөн иш-чара аяктаганга чейин жабык болот.

Муниципалитет түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурап, айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жол тандап алууга чакырат.

Тема боюнча

Бишкекте жаңы жылга карата 20 балаты орнотулду. Сүрөт
Белгилер:
балаты, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ