Боронов: Бишкектеги ыштан кутулуу үчүн конуштарды газдаштыруу керек

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер тиешелүү мамлекеттик органдарга "Газпром Кыргызстан" компаниясы менен биргеликте Бишкек шаарынын четинде жана анын тегерегинде жайгашкан турак үйлөрдү газдаштыруу боюнча иштерди активдештирүү тапшырмасын койду.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Өкмөттө биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун төрагалыгынын алдында Бишкек шаарын каптаган ыштын себептери жана алдын алуу жолдору талкууланган жыйын өттү.

Анда Боронов абанын булганышын токтотуунун бирден-бир чарасы катары 47 конушка толугу менен газ киргизүү керектигин айтты.

"Тиешелүү мамлекеттик органдар "Газпром Кыргызстан" компаниясы менен биргеликте Бишкек шаарынын четинде жана анын тегерегинде жайгашкан турак үйлөрдү газдаштыруу боюнча иштерди активдештирсин", — деди Боронов.

Ал эми шаар жетекчиси Азиз Суракматов абанын булганышын алдын алуу максатында 9 миң көчөт отургузулганын, 2020-жылы анын санын 20 миңге жеткирүү пландалып жатканын билдирди.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦ ыштын негизги себепчиси эмес. Улуттук энергохолдингдин түшүндүрмөсү
"Ошондой эле 200 даана электробус алуу боюнча меморандумга кол коюлду. Мэриянын тийиштүү кызматтары мончолорду байма-бай текшерүүдө. Анткени мончо ээлеринин арасында унаалардын жарабай калган дөңгөлөктөрүн жаккандары дагы жок эмес", — деди мэр.

Анткен менен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин директору Мирслав Аманкулов Бишкек шаарында абанын булганышы белгиленген чектен ашпагандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0