БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ошто биринчи жолу эл аралык ири вакансиялар жарманкеси өтөт. Бул туурасында Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.
Иш-чара 18-декабрга — мигранттардын эл аралык күнүнө карата белгиленген. Анда Ош шаарынын жашоочуларына 15 өлкөнүн жумуш берүүчүлөрү 3 миңден ашык вакансия сунуштайт. Иш берүүчүлөр менен жеринен маектешүү мүмкүнчүлүгү да болот.
Жарманке 18-декабрь күнү саат 9:00дөн 16:00гө чейин Ленин көчөсү-221 дареги боюнча жайгашкан өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн имаратында (чоң зал) болот.
Ушул эле күнү "Мигрант: кечээ, бүгүн, эртең" аталышында эл аралык форум өтмөкчү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жеке агенттиктердин, эл аралык, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана чет мамлекеттик өнөктөштөр катышат.
Форум саат 09:00дөн 16:00гө чейин "Шанхай Сити" отелинин жыйындар залында өтөрү айтылды.