Мэрия жолдорго "коопсуздук аралдарын" курууну пландап жатат. Сүрөт

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЖөө адамдар үчүн "коопсуздук аралы". Архив
Жөө адамдар үчүн коопсуздук аралы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа бийлиги саамалыкты шаардын 16 жол кесилишине орнотууну сунуштады. Эгер ЖКККББ колдоп берсе, долбоор ишке ашырыла баштайт.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясынын кызматкерлери жөө адамдар үчүн "коопсуздук аралдары" схемасын иштеп чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

"Коопсуздук аралы" — бул бир жолдон экинчи жолго өтүүдө жөө адамдар жол чырактын жанышын күтүп турган жер.

Калаа бийлиги мындай сунушту Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кароосуна жөнөттү. Эгер автоинспекция долбоорду колдоп берсе, аны ишке ашыруу аракеттери башталат.

"Коопсуздук аралдарын" төмөнкү кесилиштерге куруу сунушталды:

  • Асаналиев — Гагарин көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Ибраимов — Кулатов көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Чүй проспектиси — Курманжан датка көчөсү;
  • Горький — Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Жибек Жолу проспектиси — Махатма Ганди көчөсү;
  • Жибек Жолу проспектиси — Ибраимов менен Үсөнбаев;
  • Жибек Жолу проспектиси — Курманжан датка көчөсү;
  • Ахунбаев — Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Ахунбаев — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Москва — Асаналиев көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Дэн Сяопин проспектиси — Патрис Лумумба көчөсү;
  • Дэн Сяопин проспектиси — Сельсовет көчөсү;
  • Чүй проспектиси — Фучик көчөсү;
  • Чүй проспектиси — Бейшеналиева көчөсү;
  • Киев — Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Чыңгыз Айтматов проспектиси — Иманалиев көчөсү.
Жаңылыктар түрмөгү
0