Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Бейшемби күнү жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. 12-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +9...+14, Талас аймагында +7…+12, Ысык-Көлдө +3…+8 градус жылуу, Нарын жергесинде -2…+3 градус болот.

Бишкек, Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Борборубузда күндүн табы +10...+12, ал эми Ошто +11…+13 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0