Мамлекеттик кызматта иштебегендер кантип ипотека алат? Жаңы программа

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВручение первых ключей от квартир жильцам нового дома в Новосибирске
Вручение первых ключей от квартир жильцам нового дома в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубанычтуу кабар. Мамлекеттик ипотекалык компаниясы мамлекеттик кызматта иштебеген, аймакта жашаган кардарларга да үстөк пайызы төмөн ипотекалык насыя бере баштады. Кантип? Жол-жобо, шарт-талабы кандай? Ушул жана башка суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп алды.

Үйлүү болуш оңой эмес. Жеңилдетилген насыя, үстөк пайызы төмөн ипотекалык кредиттер өлкөдө аз. Мамлекет тарабынан берилчү ипотека буга чейин бюджеттик кызматкерлерге гана жеткиликтүү болуп келген. Эми аны жеке компанияларда иштегендер жана аймакта жашагандар да ала алат.

Анын жол-жобо, шартын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине компаниянын Сатуу жана продукт өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Амантур Оморов түшүндүрүп берди.

Мамлекеттик ипотека боюнча канча программа бар?

Буга чейин МИКтин үч программасы бар болчу. Биринчи механизм — "Даяр турак жайды сатып алуу", экинчиси — "Жеке турак жай куруу". Бул эки программаны бюджеттик кызматкерлер гана колдоно алышат. Үчүнчүсү "Жеткиликтүү ипотека" болсо, 2019-жылдын октябрь айынан тарта төртүнчү механизм иштей баштады. Ал "Турак жай насыялоо" деп аталат. Акыркы эки программага жеке ишканаларда иштеген жарандар катыша алат.

Насыя бюджеттик кызматкерлерге кандай шартта берилет?

Биринчи механизм — "Даяр турак жайды сатып алуу". Кутулуу мөөнөтү — 15 жылга чейин. Насыянын суммасы — 3 000 000 сомго дейре. Өздүк салым — сатып алынуучу турак жайдын баасынын 10 пайызынан кем эмес болушу керек.

Госипотека в КР - Sputnik Кыргызстан
Үйлүү болуунун дагы бир жолу. МИК жаңы механизмди түшүндүрүп берди
Экинчи механизм — "Жеке турак жай куруу". Кутулуу мөөнөтү — 15 жылга чейин. Насыянын суммасы — 3 миллион сомго чейин. Өздүк салым — курулуштун сметалык наркынын суммасынан 20 пайыздан кем болбошу керек. 7 пайыздык жылдык төлөм курулуш бүткөндөн кийин төлөнөт. Милдеттүү түрдө жер тилкеси болушу шарт.

Эки механизм тең "Жеңилдетилген ипотека" багытында болгондуктан, бюджеттик кызматкерлерге гана берилет.

Жеке ишканада иштегендерге берилчү ипотекалар

Үчүнчү механизмдин аталышы биринчиге окшош — "Даяр турак жайды сатып алуу". Бирок ал "Жеңилдетилген ипотека" эмес, "Жеткиликтүү ипотека" багытында иштейт. Аны бир гана бюджеттик кызматкерлер эмес, жеке ишканада иштегендер дагы пайдаланса болот.

"Жеткиликтүү ипотека" программасы боюнча кардарлар 3 миллион сомго чейин насыя ала алат. Кутулуу мөөнөтү — 15 жылга чейин. Өздүк салым — сатып алынуучу турак жай баасынын 20 пайызынан кем эмес болушу шарт. Насыянын жылдык үстөгү — 14 пайыз. Бул программа негизи Бишкек жана Ош шаарларында жашап, иштеген жарандарга гана жеткиликтүү.

Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жеке ишканада иштегендер мамлекеттик ипотеканы кантип алат? Жол-жобосу
Эми МИК төртүнчү механизмин ишке киргизди. Ал "Турак жай насыялоо" программасы деп аталып, Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.

Ипотеканын бул түрүн бардык аймактарда (Бишкек жана Ош шаарынан тышкары) жашагандар, жеке ишканада эмгектенген жарандар алса болот. Тактап айтканда, ипотека алчу адам өлкөнүн кайсы бир аймагында жашашы жана иштеши керек. Ошол жактан гана үй алып, там сала алат.

"Турак жай насыялоо" программасынын алкагында жарандар өз ыңгайына жараша үч башка кызматты колдоно алат.

Алар:

"Кут конуш" — үй сатып алууну каалагандарга ыңгайлуу;

"Бек устун" — үй сатып алып, капиталдык ремонтун өзү кылгысы келгендерге, үйүн жылуулап алууну жана кеңейтүүнү пландагандарга болот;

"Ашар" — өзүнүн жер тилкесине үй курууну каалагандарга жардамчы.

Башкача айтканда, жарандар ипотеканы ушул үч кызматтын бирин тандап, ошол багытка жумшайт.

"Турак жай насыялоо" программасынын алкагында канча акча берилет?

Жаңы программанын алкагында жарандар 24 000 еврого чейин (сом менен Улуттук банктын арыз жазылган учурдагы курсу эсептелет) ипотека алса болот. Пайыздык төлөмү 10 пайыз, 15 жылдык мөөнөткө берилет. Алгачкы төлөм 20 пайыз.

Кайда кайрылат?

Төртүнчү программанын башкалардан айырмасы — жарандар жергиликтүү бийлик органдарына кайрылбай эле өнөктөш банктарга түз бара алат. Алар РСК, «Кыргызстан» жана KISB банктары. Болбосо жарандар түз эле мамлекеттик ипотека компаниясынын өзүнө кайрылса болот.

"Турак жай насыялоо" программасы боюнча коюлган талаптар:

— акча алчу жарандын жаш курагы 21 жаштан жогору болушу керек. Ипотекалык кредиттин акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейин болгону шарт;

— Бизнес жана жеке көмөкчү чарба менен алектенген жарандар бул программага катышуу үчүн бир жылдан берки ишмердүүлүгүн тастыктаган документтерин көрсөтүшү керек (патент, күбөлүк, маалымкат)

— программага КР жарандары гана катыша алат;

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар 9 айда 100 млрд. сомдой насыя алды. Акча эмнеге жумшалды
— жалпы эмгек тажрыйбасы үч жылдан кем эмес же иштеген уюмунда иш стажы бир жылдан кем эмес;

— ипотека алчу адамдын, аялы же күйөөсүнүн жана жашы жете элек балдарынын наамында жеке турак жайы болбошу шарт;

— программага катышчу адамдын, аялы же күйөөсүнүн жана жашы жете элек балдарында бул программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы үч жылдын ичинде турак жайынын жана турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрү жок болсо;

— төлөөгө жөндөмдүүлүгү каралат;

— программанын алкагында ипотека алчу адам сөзсүз үй-бүлөлүү болушу шарт.

Белгилей кетчү нерсе, "Жеткиликтүү ипотека" менен "Турак жай насыялоо" программасынын талаптары бирдей эле. Болгону "Турак жай насыялоо" программасына "Ипотека алчу адам сөзсүз үй-бүлөлүү болушу шарт" деген пункт кошулган. Ал эми "Жеткиликтүү ипотека" программасында андай талап жок.

Кайсы документтер зарыл?

— программага катышууга анкета-арыз;

— паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);

— иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

— Нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);

— балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);

— акыркы үч жылдын ичинде турак жайынын жоктугу жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты;

— жашаган жеринен маалымкат.

Жаңылыктар түрмөгү
0