Машинага жасалма номер таккандарга 30 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн

Жазылуу
Учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча мамлекеттик номери жок же жасалма номер тагып алып автоунаа айдап жүргөндөргө 10 миң сом айып салынат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары (ЖКККББ) Ыманалы Саркулов автоунаасына жасалма номер тагып алып жүргөндөргө айып пулдун көтөрүлө турганын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.

Бүгүн парламент "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодекске, Жоруктар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын бириктирилген долбоорун экинчи окууда карап жатышат.

Подложные государственные номера KYRGYZ и VIP (ЧИКА) - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жасалма номер тагылган 768 унаа аныкталды
Депутат Сайдулла Нышанов азыр номери жок жана жасалма номер тагып алып жүргөндөргө кандай айыптар салынарын сурады.

Өз кезегинде Саркулов эки учурга тең Эреже бузуулар кодекси боюнча 10 миң сом айып каралганын айтты.

Нышанов өкмөт сунуштап жаткан өзгөртүүдө бул айыптар канчага чейин жогорулаганына кызыкты.

ЖКККББ төрагасынын орун басары айып пулдар бир кыйла эле көтөрүлгөнүнө токтолду.

"Жаңы сунуш боюнча жасалма номерди пайдаланып жүргөн болсо 20-30 миң сомго чейин айып салынат. Эгер өзү жасаган факты аныктала турган болсо, 30-60 миң сомго чейин каралып, чара сот аркылуу көрүлөт", — деди ал.

Саркулов өз сөзүндө автоунааны бир учурда гана номери жок айдоого уруксат берилерине токтолду. Эгер автоунаа Кыргызстандын аймагына кирип тиешелүү каттоодон өтө элек жана мамлекеттик номер бериле элек болсо, 10 жумушчу күндүн ичинде бардык диагностикадан өтүү үчүн номери жок айдаганга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0