Ростов-на-Дону шаарынын көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун аты берилет

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүГорода России. Ростов-на-Дону
Города России. Ростов-на-Дону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Кыргызстандын Россиядагы элчиси менен Ростов облусунун губернатору жолуккан.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Россиянын Ростов-на-Дону шаарынын көчөлөрүнүн бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылат. Бул тууралуу Ростов облусунун өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланды.
Кечээ, 9-декабрда, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен Ростов облусунун губернатору Василий Голубаев жолуккан.

"Республикада Россиянын бардык баалуулуктары сакталат. Ошондой эле Улуу Ата мекендик согушка катышкан жоокерлер, адабий мурастар унутулбайт. Кыргызстандын элчиси шаардын көчөлөрүнүн бирине атагы ааламга тараган, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын берүүнү сунуштады. Губернатор ал идеяны колдоп, шаар бийлигине тапшырма берди", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, тараптар экономикалык жактан да кызматташтыкты арттыруу маселесин талкуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0