Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-декабрда күндүз Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Шаршемби күнү түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +10...+15, Талас аймагында +8…+13, Ысык-Көлдө +4…+9 градус жылуу, Нарын жергесинде -1…+4 градус болот.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, Ошто жамгыр жаайт. Борборубузда күндүн табы +11...+13, ал эми Ош калаасында +12…+14 градуска жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0