ЖК комитети Кой-Таш окуясы боюнча иликтөөнүн корутундусун талкуусуз эле колдоду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАтамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция. Архив
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров Кой-Таш окуясынын келип чыгышына Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылганын билдирди.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмай болду.

Бүгүн парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети комиссиянын корутундусунун токтомун укту. Иш боюнча суроо-жооп болбостон, бир да депутат талкууга чыкпай, ал дароо палатага жөнөтүлдү.

Баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров комиссия 11 жолу жыйын өткөргөнүн билдирди. Анын натыйжасында Кой-Таш окуясынын келип чыгышына жана атайын кызматтын бир аскери каза болуп, бир нечесинин жаракат алышына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылган.

"Иликтөө учурунда Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов менен жолугушуу болгон жок. Алардын ишин укук коргоо органдары тергеп жаткандыктан комиссия "жолугууга кажет жок" деген чечимге келди. Ал эми Атамбаевди күчкө салып алып келүү операциясында кемчиликтер болгону аныкталды. Ал боюнча тиешелүү жетекчилерге чара көрүү үчүн сунуштама берилди", — деди Шайназаров.

Комиссиянын мүчөлөрү Клара Сооронкулова менен Жакыпбек Касымбеков корутундуга макул болбой, өзгөчө пикирин берген.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев баштаган 15 киши психиатриялык экспертизадан өтөт
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес. Эртеси, 8-августта, укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Бул ишти иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, курамына ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана коомдук ишмерлер кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0