06:02 26 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1039 0 0

Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген учактан түшкөн 22 жаштагы жигит чек арачыларга Кыргызстандын паспортун көрсөткөн. Чек арачылар документтен шек санап, атайын текшерүүгө алган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунан жасалма кыргыз папорту менен Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Окуя 9-декабрь күнү болгон.

Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген учактан түшкөн 22 жаштагы жигит чек арачыларга Кыргызстандын паспортун көрсөткөн. Күзөттө тургандар документтен шек санап, атайын текшерүүгө алган.

"Жыйынтыгында паспорттун жасалма экени аныкталды. Кийин анын жанынан Өзбекстандан берилген айдоочулук күбөлүгү табылды. Ал документ өзүнүкү болуп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган адам жасалма кыргыз паспортун колдонуп жүргөнүн мойнуна алды. Тиешелүү иш-чаралардан соң чек арачылар аны УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берген.

Тема боюнча

Жалал-Абадда өзбек чек арачылары ээн-эркин жүрөбү? Чек ара кызматынын жообу
Белгилер:
жаран, паспорт, "Манас" эл аралык аэропорту, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ