Жээнбеков кылмыштардын саны эмнеге кескин өсүп жатканын айтты

Жазылуу
Мамлекет башчысы Соттор реформасы боюнча кеңештин жыйынында сүйлөгөн теманын бири кылмыштардын статистикасы болду.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кылмыштардын саны эмес, аларды каттоо көбөйдү деди президент Сооронбай Жээнбеков "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Соттор реформасы боюнча кеңештин 3-жыйынында.

Күн тартибине жаңы кодекстердин жана мыйзам ченемдерин колдонуунун жүрүшү тууралуу жана жаңы мыйзамдарды өркүндөтүү суроолору коюлган. Андан сырткары, Соттук реформа боюнча кеңеш жана өкмөт тарабынан жактырылган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун жана илгерилетүүнүн жүрүшү жөнүндө маселелер сунушталган.

Жээнбековдун айтымында, соттук-укуктук реформанын алгачкы ийгиликтери байкала баштады. Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри иштеди. Бул система адам укугун коргоо жаатындагы ачык статистиканы көрсөтүп турат.

"Реестрди киргизгенден тарта катталган кылмыштардын саны кескин көбөйдү. Кодексте айтылган талап боюнча ар бир арыз милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек", — деди президент.

Жээнбеков мурдагыдай ишти каалагандай кылып каттап же жаап коюуга болбой тургандыгын айтты.

Атышуу болгон жердеги милиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте атыша кеткендерди кармоо учуру видеодо. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты
"Мурдагыдай кааласа каттап, кааласа жаап кое турган мүмкүндүк жок. Арызды жашырып койгон кызмат адамдарына кылмыш жоопкерчилиги каралган. Кылмыштын саны эмес, каттоонун саны жана сапаты көбөйдү деп айтсак туура болот. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү кылмыштуулуктун статистикасы — бул реалдуу көрсөткүч. Бирок азырынча бул реестрдин бир гана сотко чейинки блогу ишке киргизилип, сот жана жаза аткаруу блоктору ишке аша элек", — деди мамлекет башчысы.

Ал соттук системаны мамлекеттик бюджеттен каржылоо иши жакшырганын айткан. 2018-жылы дээрлик 1,6 миллиард сом бөлүнсө, 2019-жылы 2 миллиард 154 миллион сом берилген. Ал эми 2020-жылга 2 миллиард 193 миллион сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0