Бишкектеги башкы балатынын оту качан жанат?

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы жаңы жылдык балаты. Архив
Бишкек шаарындагы жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балатынын бийиктиги 27 метр болот. Долбоорго ылайык, балаты белек сыяктуу кооздолуп, кызыл тасма менен шөкөттөлөт.

БИШКЕК, 9-дек. - Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы  башкы балатынын оту 13-декабрда саат 19:00дө жанат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Андан сырткары, майрам шаардагы радиостанциялардын биринин жардамы менен өтөт.

Балатынын бийиктиги 27 метр, диаметри 12 метр болот. Ал аянттын жалпы шөкөттөлүшүнө шайкеш келет.

Ошондой эле аянтка "2020" деген көлөмдүү шарлар жана чана сыяктуу бир катар инсталляциялар орнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0