75 бюджеттик орун бар. Венгриянын ЖОЖдорунда окуу үчүн сынак жарыяланды

© Sputnik / Юрий Кавер / Медиабанкка өтүүБудапешт шаары, Венгрия. Архив
Будапешт шаары, Венгрия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы 75 бюджеттик орун бөлүндү. Анын 30у бакалавр, 30у магистратура, ал эми 15и докторантурага берилген.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Венгрия кыргызстандыктарга 2020-2021-окуу жылына карата билим алуу үчүн бюджеттик орундарды бөлүп, ага Билим берүү жана илим министрлиги сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 75 бюджеттик орун бар. Анын 30у бакалавр, 30у магистратура, ал эми 15и докторантурага берилген.

Гранттар Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасы аркылуу бөлүнүп жатат. Ал эми тескөө иштерин Темпус коомдук фонду жүргүзөт.

Кыргызстандын жарандары төмөнкү багыт боюнча акысыз билим ала алышат:

Назначенный министром образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Министр кесиптик билим берүүдөгү көйгөйлөрдү атады
Бакалавриат программасына тапшырчулар: айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, маалымат технологиялары, спорт жана мамлекеттик саясат;

Магистратура программасына тапшырчулар: айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, маалымат технологиялары, спорт жана мамлекеттик саясат;

Докторантура программасына тапшырчулар: бардык багыт боюнча.

Тандоо шарты, керектүү документтер жана сынак боюнча кеңири маалыматты министрликтин сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0