Ак жарык. Канададан баштыкка буюртма берип, өмүр узарткан мекендештер

© Sputnik / Табылды КадырбековТигүү цехинин кызматкерлери. Архив
Тигүү цехинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, үлп эткен жел, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Бүгүнтөн тарта окурмандарга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап турууну чечтик. Алгачкы "Ак жарыкты" жазуу шыбагасы кабарчыбыз Таалайгүл Усенбаевага буюрду.

Жакшы жаңылык жазып, көңүл жылыткан кабар менен бөлүшүүнүн өзү эле кандай бакыт. Жасаган ишиң адамга кичине болсо да пайда алып келсе сүйүнүп, шыктанып, ойду омкоруп, тоону томкоруп жибергиң келет эмеспи. Өткөн жумада менде да ошондой кубанычтуу жаңылык болду. Аны сиздер менен чогуу бөлүшөйүн.

Апта башы. Эмгек өргүүдөн жаңы эле чыгып социалдык баракчаларымдагы билдирүүлөрдү карап жаткам. Арасынан "Канададан жазып жатам" деген Мира эженин билдирүүсү көзгө урунду.

"Саламатсызбы, Таалайгүл? "Рак оорусуна кабылган кыз-келиндер экобаштык тигип, дарысына акча табат" деген макалаңызды окудум. Канадада жашаган кыргыздар алардын баштыктарына буйрутма берели дегенбиз. Байланыш телефондорун бере аласызбы?", — деп жазып жибериптир.

Кубанып, дароо "макул" деп, баштык тиккен Шайыр эженин телефонун жөнөттүм.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ак жарыкты" баштайбыз! Баш редактордун окурманга каты
"Бизди чалат деп алдын ала айтып коесузбу? Азыр бизде түн, эртең менен чалсам силерде кеч болуп калат, телефонун башка номер экен деп албай койбосун", - деп жазды мекендеш.

Убакыт өткөрбөй дароо баштык тиккен Шайыр эжеге чалдым.

— Шайыр эже, кандайсыз? Иштериңиз, ден соолуктарыңыз жакшыбы? Сиздердин экобаштыкка буйрутма беребиз деп Канададагы кыргыздар жазышты. Телефон номериңизди берип койдум. Жооп берип, сүйлөшүп алгыла, ээ? — дедим.

Эртең менен эле чалсам Шайыр эже дарыканага бара жатыптыр.

— Таалайка, таң атпай маанайды көтөрдүң. Алина деген кызыбыз химиотерапиясын алып баштаган, тең акчасын бердик, жарымын таппай жаттык эле. Бир химиотерапиясы эле 80 миң сомдон ашат. Бизге 100 миң сомдой жетпей жаткан. Жакшы болбодубу. Апасы да жалгыз бой, "кайдан акча табам" деп кайгырып жаткан. Азыр ошол кыздын дарыларын алып дарыканада жүрөм. Тиги аял менен сөзсүз байланышам, рахмат", — деп трубканы койду.

Рак илдетине кабылган кыз-келиндер тууралуу видеоматериалыбыз былтыркы жылы жарыяланган. Рак илдети менен күрөшүү, анын дары-дармеги кымбат болгондуктан бейтаптар жакшы болуп калганда иштей калып каражат табышарын айткан.

Бир апта өттү. Бүгүн жумушка келип отурсам, баштык тиккен Шайыр эже чалып калды.

— Кандайсың, Таалайка? Сен айткан аял менен байланыштым. 300 сомдон 1000 баштыкка буйрутма бермей болушту. Алдын ала кездеме жана башка керектүү нерсе алганга акча салабыз дешти. Жакын арада тигип баштайбыз. Бул каражат Алинанын химиотерапиясына жетет экен. Силерге чоң рахмат. Ажат ачып, бизди абдан кубанттыңар", — деп жашып кетти Шайыр эже.

Менин да көзүмө жаш айланды. Алинанын сакайып кетишинен үмүт кылалы. Ал эми алыстагы мекендештерге абдан ыраазы болдум.

Базардагы эл менен Ак үйдөгү аткаминерлерге кандай жардам керек? Видео - Sputnik Кыргызстан
Базардагы эл менен Ак үйдөгү аткаминерлерге кандай жардам керек? Видео
Канададагы баштыкка буйрутма берген мекендештер, мага жазган Мира эже, рахмат сиздерге! Канча бейтапты кубанттыңар. "Маанай көтөрүлсө, адам өмүрү да узарат" дейт. Бир адамдын өмүрүн сактап калууга себепчи болдуңуздар.

Ушул убакыттан пайдаланып чет жакта иштеп жүргөн мекендештер тууралуу эки ооз сөз жазып кетейинчи. Алар өлкөгө акча которуп, бюджетти гана толтурбастан, кайрымдуулук иштерди да көп жасайт. Дайыма жардамга кол сунуп, сырттан акча которуп, кайрымдуулук кылып келишет. 100 же 500 сом айрым учурда жөн эле керексиз бир нерсеге короп кетет. Бирок ошол эле акча бир адамдын өмүрүн сактап, бир адамдын көңүлүн алып коюшу ыктымал.

Жакшылыктын үрөнүн себе жүрөлү, жылуу сөзүбүздү аябайлы, жакшылык жасайлы. Ансыз деле коомдо негатив жетиштүү чакта бир адамдын көңүлүн алсак да олжо эмеспи.

Эгер кандайдыр бир жүрөк жылыткан, жылмаюу тартуулаган ирмемдериңиз болсо, news@sputnik.kg дарегине "Ак жарык" рубрикасына жазып жибериңиз. Жакшылык жасоо ар бир адамдын колунан келет!

Жаңылыктар түрмөгү
0