Өкмөт үй-бүлөлүү адамдарга ипотека берүүнүн жаңы программасын иштеп чыкты

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүГосипотека в КР
Госипотека в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ипотеканын бул түрүн бардык аймактарда (Бишкек жана Ош шаарынан тышкары) жашагандар алса болот. Мамлекеттик кызматта иштейби, жокпу, айырмасы жок. Бир шарт — насыя алгысы келген адам үй-бүлөлүү болушу керек.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Мамлекеттик ипотека компаниясы жаңы программа иштеп чыкканын  аталган компаниянын жетекчиси Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстанга айтып берди.

"Жаңы программанын алкагында жарандар 24 000 еврого чейин (сом менен Улуттук банктын арыз жазылган учурдагы курсу эсептелет) ипотека алса болот. Пайыздык төлөмү 10 пайыз, 15 жылдык мөөнөткө берилет. Алгачкы төлөм 20 пайыз", — деди Абжапарова.

Бул программанын алкагында жарандар өз ыңгайына жараша үч башка кызматты колдоно алат.

Алар:

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар 9 айда 100 млрд. сомдой насыя алды. Акча эмнеге жумшалды
"Кут конуш" — үй сатып алууну каалагандарга ыңгайлуу;

"Бек устун" — үй сатып алып, капиталдык ремонтун өзү кылгысы келгендерге, үйүн жылуулап алууну жана кеңейтүүнү пландагандарга болот;

"Ашар" — өзүнүн жер тилкесине үй курууну каалагандарга жардамчы.

Баса, ипотеканын бул түрүн бардык аймактарда (Бишкек жана Ош шаарынан тышкары) жашагандар алса болот. Мамлекеттик кызматта иштейби, жокпу, айырмасы жок. Бир шарт — насыя алгысы келген адам үй-бүлөлүү болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0