Аялынын кемчилигин айтып, уулуңдун мээсин жебе. Келин күтүү маданияты

© Sputnik / Табылды КадырбековПроект "40 девушек" в этнокомплексе "Супара"
Проект 40 девушек в этнокомплексе Супара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомчулукта, ар кыл жайларда жана жагдайларда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Кайнене — кыз турмушка чыккандан кийинки жашоосундагы башкы каармандын бири. Ал айрым келиндерге өз энесиндей жардамчы, насаатчы боло алса, бир даары үчүн элдешкис душманга айланат.

Психологдордун айтымында, келин бар үйдө тажрыйбасы көбүрөөк адам катары кайнене жол көрсөткүч болушу керек.

Андыктан Sputnik уул үйлөп, келин күтүүнү пландап жаткан апалар үчүн келин менен ынтымактуу мамиле куруу эрежелерин сунуштайт. Макаланы даярдоого этикет мугалими Нуржан Исмаилова жана психолог Перизат Калмаматова жардам берди.

Балаңды кызганба

Казанга плов басып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бөтөн кишиге жамандаба. Туугандар менен мамиле куруу маданияты
Айрым аялдар уулун келининен кызганат. Бул адат баласын жалгыз бой чоңойтуп же өзү тууралуу таптакыр унутуп коюп, болгон убактысын балдарына арнап койгон аялдарда көп кездешет. Өзү билип-билбей эле жүрөгүнүн түпкүрүндө "балам үчүн баарын кылдым, ал дагы ошондой жооп бериш керек" деген сезим жашайт. Бирок реалдуулук башкача. Уулдун дагы, кыздын дагы бойго жеткенден кийин өз жашоосу башталат. Анда биз каалайбызбы-каалабайбызбы, башка адамдар пайда болот. Тагыраагы, милдетин алып бирөөнүн кызына үйлөнгөндөн кийин балаңыз ага дагы жоопкер. Бактылуу кылышы керек. Бул жагын унутпаңыз.

Аялдар ортосундагы маселе

Айрым учурда үй оокатына же дегеле аялдарга гана байланыштуу маселелер, түшүнбөстүктөр чыгып калат. Андайда кайнене уулун аралаштырбай, келиндин өзү менен көзмө-көз, эч ким жокто сүйлөшкөнү жакшы. Аялынын кемчилигин айтып, ал аркылуу жеткирүүгө болгон аракет менен эне өз уулунун эле ден соолугуна терс таасир этип коюшу мүмкүн. Анткени эркек кишиге жашоосундагы эң жакын эки адамдын тирешинде калган оңой эмес.

Кеңешчи кайнене

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдын өң-келбетине күлө көрбө. Тамашалашуу этикети
Албетте, кайнене улуу жана тажрыйбалуу адам катары келинине ашканада, конок тосууда же алыш-катышта акыл айтып, жол көрсөтүп турат. Бул абдан жакшы көрүнүш, мол тажрыйба. Акылдуу келин бул нерсени колдон чыгарбай, пайдалуусун дароо өздөштүрүп алат. Бирок бир эмес, эки-үч жолу айткан нерсени кайнененин эрежеси менен кылбаса, демек, өзүнүн билгени бар. Же өз энеси кичинесинен үйрөткөндөй жасагысы келет. Мындан трагедия издебеңиз. Балким, ал "өз рецепти" менен жасаган тамак сиздикинен кем калышпай, даамдуураак болуп кетиши да толук ыктымал. Андыктан майда-чүйдөгө башыңызды оорутпаңыз.

Акталбаган үмүт

Психологдордун айтымында, кайнене менен келиндин ортосунда мамиленин келишпей калышынын бирден-бир себеби — экөө тең бири-биринен мүмкүн эмес нерселерди күткөнүндө. Мисалы, келин "кайненем өз энемдей мээримин төгөт" деп ойлосо, кайнене, тескерисинче, "келиним мага кыз болуп берет" деп үмүт артат. Бирок бул нерсе көпчүлүк учурда мүмкүн эмес. Жашоодо эне менен баланы эч ким алмаштыра албайт жана башка адамдардын ортосунда мынчалык сүйүү, жакындык боло бербейт. Мисалы, келиндин өз энеси бар, жүрөгүн ал ээлеп турат, сүйүүсү ага арналган. Ошондуктан жашоого реалдуу карап, көп нерсени жеңил кабыл алууга аракет кылыңыз.

Өтө кызыл бат оңот...

Камыр жайып жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайната менен сөз талашпа. Кайын журт менен таанышуу этикети
Кайнене менен келин канчалык ысык мамиледе болсо деле, ортодо белгилүү бир аралыкты, чектөөлөрдү карманышы керек. Бул эреже үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө тиешелүү. Тагыраагы, аялы-күйөөсү, ата-бала, бир туугандар арасында бири-биринин жеке мейкиндигин, убактысын, пикирин сыйлоо деген түшүнүк болгону жакшы. Мисалы, ата-эне үй-бүлөлүү болгон балдарынын жеке жашоосуна аралашпай койгону туура. Кыбыр эткен нерсеге эле кирише берген, "ашыкча камкор" кайнене өзү байкабай келин-уулунун өз ара мамилесин салкындатып коюшу ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0