Адамкулова: иним каза болгондон 7 күндөн соң иш-чара алып барганга туура келди

© Фото / Эржан КадырбековВедущая Айпери Адамкулова
Ведущая Айпери Адамкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айпери Адамкулова редакцияга келип кеткенден кийин социалдык тармактагы баракчасына "бирде күлүп, бирде ыйлагым келип маек бердим" деп жазыптыр. Чындыгында алып баруучу бир гана иши тууралуу эмес, жашоосундагы оор учурларды да айтып берди.

27 жаштагы Айпери Адамкулова учурда эки телеканалда көңүл ачуучу программаны алып чыгып, андан тышкары көптөгөн иш-чараларды тескейт.  "Манас жаңырыгы", КТРК, NewTV, K-Muz, Star TV телеканалдарында эмгектенген.

— Айпери, интернеттеги соңку постторуңузда диктор болууга чакырып жаткандарга сылык баш тартканыңызды жаздыңыз. Тескерисинче, алып баруучулар убакыттын өтүшү менен олуттуу берүүлөргө басым жасап баштайт эмеспи.

— Соңку ирет NewTV каналында көңүл ачуучу программанын продюсери жана алып баруучусу катары иштедим. Ал программа күзүндө жабылып калды. Анан башка телеканалдардан сунуштар түшө баштады. Арасында дикторлукка чакыргандар болду. Жаңылыктарды отуз жаштан өткөндөн кийин деле окусам жетишем деп ойлойм. Азыр көңүл ачуучу программаларда иштеп алайын деп жатам. 

© Sputnik / Эркин СадыковУчурда Айпери Адамкулова Пирамида каналында "Түнгө карай" жана Любимый каналында "Халва шоу" аттуу программаларды алып барат
Адамкулова: иним каза болгондон 7 күндөн соң иш-чара алып барганга туура келди - Sputnik Кыргызстан
Учурда Айпери Адамкулова Пирамида каналында "Түнгө карай" жана Любимый каналында "Халва шоу" аттуу программаларды алып барат

— Көңүл ачуучу берүүлөрдү алып барат деп жүгөн тагылып каларынан коркпойсузбу?

— Жок, тескерисинче, мени олуттуусуң, өңү-түсүмдү дикторлукка туура келет деп айтышат. Мен буга чейин суфлёрдон текст окуп көрдүм. Ал мага алып баруучулукка караганда оңоюраак сезилди. Бизде идеяга бай, тапкыч, чеберчилигиң күчтүү болушу керек. Конокторго суроо берип, материал даярдайсың. Тагыраагы, алып баруучулук дикторлукка караганда ар тараптуу. Мен жаңылыкты окуганды жөн эле алып кетет болушум керек деп ойлойм.

— Учурда кайсы программаларды алып барып жатасыз?

— Пирамида каналында "Түнгө карай" жана Любимый каналында "Халва шоу" аттуу берүүлөрүм бар. Ошондой эле Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда алып баруучу болуп кабыл алынгам. Тойлордо да тамадалык кылам. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Айпери Адамкулова (@aiperiadamkulova)

— Жеке оюмда, мурда алып баруучуларды көгүлтүр экрандан көрүп интернеттен издесек, азыр, тескерисинче, Instagram баракчасынан таанып, анан программаларын көрөлү деп жатабыз. Демек, сиздердин рейтинг үчүн социалдык тармактар чоң күчкө ээ? 

— Айтылгандардын чындыгы бар. Жумуш берүүчүлөр алып баруучулардын сулуулугуна, дикциясына карагандай эле кээде "Instagram баракчасында канча катталуучусу бар" деп кызыгат. Себеби бардык жерде жарнама керек. Кызматкердин аркасы менен телеканалдын да рейтинги көтөрүлөт.

Менде катталуучулардын саны орточо деп айтсам болот. Баракчамда 65 миң адам бар. Интернетте таанылайын деп максат кылбайм. Хайп жараткандан корком. Үй-бүлөм бекем тартипте кармаган, азыр эми өзүм бүлө күттүм. Эл ичинде "Адамкулова кыйын алып баруучу" дешсе, ошол мага жетиштүү. Кудайга шүгүр, мага келген билдирүүлөрдө негатив комментарийлер чанда. 

© Фото / Азизбек БазарбаевАлып баруучу Адамкулова: интернетте таанылайын деп максат кылбайм. Хайп жараткандан корком.
Адамкулова: иним каза болгондон 7 күндөн соң иш-чара алып барганга туура келди - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Адамкулова: интернетте таанылайын деп максат кылбайм. Хайп жараткандан корком.

— Алып баруучу көгүлтүр экрандын көркү да, сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз?

— Кээде тамашалап айтып калышат, маалыматың уккулуктуу болбосо, жок дегенде элди тарта алышың керек деп. Ошон үчүн иштеги чеберчиликтен тышкары сулуулук дагы мааниге ээ.

Алып баруучу Нурзат Токтосунова - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай баратабыз
Жылына төрт жолу косметологго бетимди тазалатам. Кирпик коштуруу дайымкы иш болуп калды. Эфирлерде көбүнчө чачымды дайыма ортосунан бөлүп, артка таштап алам. Бул  — менин бирден бир фишкам. Табиятымдан көп толбойм.

Адамдын көркү — чүпүрөк. Жаңы алып барып жүргөндө эжелерим, курбу кыздарымдын кийимдерин сурап кийчүмүн. Азыркыга чейин эсимде, устатым Нурзат Токтосунова сахнага кие турган 3-4 көйнөгүн бергенде аябай сүйүнгөм. Эми, кудайга шүгүр, өзүмө каалаганымды сатып ала алам. Ошондой эле Instagram баракчамда кийим дүкөндөрү менен бартерлик түрдө кызматташам.

— Тойлордо ырдап калганыңызды көрөбүз?

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Айпери Адамкулова (@aiperiadamkulova)

— Негизи кичинекей кезимден баштап ырдайм. Жакында эле жар-жар айтып чыктым. Муну жеңелер аткарат деп коет эмеспи. Кайним үйлөнгөндө туугандарыбыз сунуш кылышты. Анын аркасынан дагы бир ыр жаздырдым. Анан кийин эл өзү эле жар-жарга чакырып башташты. Менде ырчы болуп кетейин деген ой жок. Ар ким өзүнүн иши менен алектенгени жакшы деп ойлойм.

— Өзүңүздүн ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз?

— Апам балдарды карап үйдө. Атам трактор айдап, өмүр бою бизди дөөтүсү менен бакты. Мени ага көбүрөөк окшоштурушат. Сулуучумак киши болчу, өз курагынан жаш көрүнчү. Мени окуп, билим алсын деп аябай жан үрөдү. "Сен тууралуу жакшы гана сөздөрдү угушум керек" деп айтчу. Эфирге биринчи жолу чыкканымда көрүп алып аябай сүйүнүптүр. Өзү да Адамкулов деп катталчу. 

© Sputnik / Эркин СадыковАдамкулова: апам балдарды карап үйдө болду. Атам трактор айдап, бизди дөөтүсү менен бакты.
Адамкулова: иним каза болгондон 7 күндөн соң иш-чара алып барганга туура келди - Sputnik Кыргызстан
Адамкулова: апам балдарды карап үйдө болду. Атам трактор айдап, бизди дөөтүсү менен бакты.

— Атаңыз эмне болуп каза тапты?

— Арабыздан кеткенине беш жыл болуп калды. Кечээ эле жакшынакай сүйлөшкөн атам бүгүн жок болуп калган. Кан басымы жогорулап кетиптир. Тообуз урагандай эле болду. Ал учурда апамдын алты айлык боюнда бар эле. Үч айдан кийин эгиз уул-кызды төрөдү.  Жараткан бирин алса, бирин берет экен. Эркек бала атамдын өзү, кыз апама окшош. Алардын басканын, сүйлөгөнүн, күлгөндөрүн көрүп, атам ушуларды көрбөй кетти деп ыйлай берет экенсиң.

— Бир ирет Facebook баракчаңызга иниңиз да көз жумганын жазган элеңиз...

— Эми башыбызды көтөрүп, бири-бирибизди сооротуп бүткөндө, атамдан кийин бир жарым жылдан соң бир тууган иним каза болуп калды. Ал көмүр ташып иштечү. Кезектеги сапарынан келе жатканда айдап бара жаткан КамАЗ тайгаланып, жол кырсыгынан көз жумду.

Иним үйдүн үчүнчү баласы эле. Мен үйдүн улуусумун, менден кийинки иним айылда апам менен турат. 11-класста окуп жаткан сиңдим бар. Кенжетайларыбыз — эгиздер.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Айпери Адамкулова (@aiperiadamkulova)

— Бир эмес эки кишини жоготуп күйүткө батып турганда жумушка кайтуу оор болсо керек?

— Жашоо бүткөндөй сезилип, эч нерсе кылгым келбей калган. Катуу стресс болдум. Иштебей деле калсам керек деп ойлогом. Бирок өлбөгөн жандын күнү өтө берет экен.

Бизде иш-чаралар пландалган болот. Кырсык болуп кетерин ким билиптир. Иним каза болгондо боз үйдө ыйлап отурсам, "эртең биздин иш-чараны алып барасыз, эскертип коёлу дедик" деп бир жума мурда эле буйрутма бергендер чалышыптыр. Шарт-жагдайымды түшүндүрсөм, көңүл айтышып, кыска аралыкта башка алып баруучу таба албайбыз деп айтышты. Айла жок Бишкекке келдим. Боенуп, кийинип, жакшы бир иш-чараны алып бардым. Ичимден иним каза болсо мен бул жакта жүрөм деп жаман болдум. Бирок жумуш деген жумуш, акчасын алып жаткандан кийин татыктуу алып барып беришиң керек. Анүстүнө өзүмдү алаксытыш керек болду. 

© Фото / Эрмек РайымбековКичинекей кезимден баштап ырдайм. Жакында эле жар-жар айтып чыктым. Бирок менде ырчы болуп кетейин деген ой жок.
Адамкулова: иним каза болгондон 7 күндөн соң иш-чара алып барганга туура келди - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей кезимден баштап ырдайм. Жакында эле жар-жар айтып чыктым. Бирок менде ырчы болуп кетейин деген ой жок.

— Жеке жашооңуз тууралуу кеп кылсак, жумуш менен турмушту айкалыштыруу оор эмеспи?

Диктор, телеведущий Расул Багышбаев - Sputnik Кыргызстан
Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар...
— Турмушка чыкканга чейин башка кыздардан "күйөөгө тийбей эле тур, ким эле жыргап атыптыр" деген сөздөрдү угуп, бир аз кооптонуп койчумун. Кудайга шүгүр, жакшы эле экен. Кыздарга турмушка чыккыла деп айтат элем (күлүп). Башкача бактылуу болуп жүрөм. Жылуу сөзүн айтып, жаныңда бирөө болот экен. Чыгармачыл адамдар сөзгө бөтөнчө маани берет эмеспи, менде жакшы идеялар жаралып атат. Жеке жашоо менен ишти айкалыштыруу азырынча оңой эле.

— Жолдошуңуз менен кантип таанышып, үй-бүлө куруп калгансыздар?

— Ал мени телевизордон көрүп жактырып, Instagram баракчама жазып жүрүптүр. Аларды окубаптырмын. Бир күнү колуна чоң гүл көтөрүп алып жумушума келди. Менде бир көргөндө жактыруу сезимдери болду. Бир жылга чукул сүйлөшүп, быйыл үйлөндүк. Чүйдүн кулуну, менден бир жаш улуу. Мамлекеттик каттоо кызматында эмгектенет. 

© Фото / Айбек УсубакуновАдамкулова: Жолдошум Чүйдүн кулуну, менден бир жаш улуу. Мамлекеттик каттоо кызматында эмгектенет.
Адамкулова: иним каза болгондон 7 күндөн соң иш-чара алып барганга туура келди - Sputnik Кыргызстан
Адамкулова: Жолдошум Чүйдүн кулуну, менден бир жаш улуу. Мамлекеттик каттоо кызматында эмгектенет.

— Жаш алып баруучуларга кандай кеңеш бересиз?

— Алып баруучу болгонго жараша жакшы адис болгонго аракет кылуу керек. Ага профессионалдык дагы, адамдык дагы көп сапаттар кирет. Тапкычтык, ар тараптуулук, жоопкерчилик ар бир кызматкерде болууга тийиш.

Көбү келбетке көңүл бурат деп ойлошот. Кыздар, балдарды боёп койсо бардыгы жакшынакай болуп калышат. Бирок арыкташ керек. Себеби эфир ансыз деле кишини толук көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0