Кыргызстандын шаарларындагы аба канчалык кир экени айтылды

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Ата шаарларындагы абанын булгануу деңгээли текшерилген. Жыйынтыгында бир эле шаарда кырдаал өзгөрбөгөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Ноябрь айында Кыргызстандын айрым шаарларындагы атмосферанын булгануу деңгээли октябрдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу начар болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, ноябрда абанын кескин булгануусу байкалган эмес.

"Бишкектин абасында айдын эсеби менен алганда азоттун диоксиди менен оксиди бир аз көбөйгөн. Формальдегид менен аммиак да жогорулаган. Кара-Балта шаарында күкүрт, азот диоксиддери жана азот оксиди көбөйгөн", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Токмок шаарында азот диоксиди, азот оксиди бир аз жогорулап, күкүрт оксидинин деңгээли өзгөргөн эмес. Чолпон-Атада күкүрт оксиди көбөйсө, Ош шаарында күкүрт оксиди менен азот диоксиды октябрь айындагы көлөмүндөй (0,08 жана 0,75) эле калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0