Суд над бывшим премьер-министром КР Сапаром Исаковым - Sputnik Кыргызстан

Бишкек ТЭЦи боюнча соттун өкүмү чыгып жатат. Онлайн-репортаж. Сүрөт, видео

Жазылуу
Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция иштерине күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча отурум Свердлов райондук сотунда болуп жатат.

Айыпталуучулардын тизмесинде мурдагы өкмөт башчылар - Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, депутат Осмонбек Артыкбаев, "Электр станциялары" ААКнын башкы директорлугун аркалаган Салайдин Авазов, аталган ишкананын директорунун мурдагы биринчи орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, Улуттук энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова бар.

Сотто учурда эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:00 06.12.2019

"Салайдин Авазов Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча 11 жыл үч айга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин", — деп айтылат өкүмдө.

20:53 06.12.2019

Бримкулов менен Назаров 2,5 жылдан кесилди, бирок тергөө абагында отурган күндөрү эсептелип, сот залынан бошотулду.

20:52 06.12.2019

Энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев — абалын эске алуу менен жеңилдетилген жаза берилсин. Тагыраагы, мамлекетке 100 миллион сом кайтарып берсин. Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси менен 50 миң эсеп көрсөткүчү (5 миллион сом) боюнча айып салынсын. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;

20:48 06.12.2019

Айыпталып жаткандардын бири Осмонбек Артыкбаевди коляска менен алып келишкен.

20:47 06.12.2019

Процесске соттолуп жаткандардын тууган-туушкандары да келген. 

20:41 06.12.2019

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын директору Айбек Калиев Кылмыш-жаза кодексинин 215 жана 59-беренелери боюнча 15 жылга эркинен ажыратылды. Мүлкү конфискацияланып, Ардак грамотасы, "Даңк" медалы жокко чыгарылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин. Ошондой эле 2011-жылы чыккан Toyota Land Cruiser Prado 150 үлгүсүндөгү унаасын сатуудан түшкөн 1 627 801 сом мамлекеттин эсебине алынмай болду.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев — 7,5 жылга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин, — деп айтылат өкүмдө.

20:33 06.12.2019

Сот Сапар Исаковду 15 жылга кести.

20:25 06.12.2019

Залдын ичи толтура экени айтылууда.

Дело о коррупции при модернизации столичной ТЭЦ - Sputnik Кыргызстан
20:23 06.12.2019

Өкүмдү судья Инара Гилязетдинова окууда.

20:23 06.12.2019

Буга чейин айыпталуучулардын баары акыркы сөзүн айткан.

20:21 06.12.2019

Эскерте кетсек, ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун иликтөөсү аяктап, тергөө мамлекет 5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом чыгым тартканын аныктаган.

20:19 06.12.2019

Ушу тапта Свердлов райондук сотунда ТЭЦти модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш иши тууралуу айыпталып жаткандарга өкүм чыгууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0