Бишкекте үч эм төрөлдү. Үй-бүлө биринчилерден болуп өкмөттөн 150 миң сом алат

© AFP / PHILIPPE HUGUENРодильный дом на севере Франции
Родильный дом на севере Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин үй-бүлөдө үч эм же андан ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөрүн өкмөттөн билдиришкен.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 35 жаштагы К.Ш. аттуу келин үч эм төрөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ымыркайлар кесерево жолу менен 2-декабрда жарык дүйнөгө келген.

"Ымыркайлардын үчөө тең кыз. Алар 3,020, 2,950 жана 2,320 килограмм салмакта төрөлдү", — дешти министрликтен.

Үстүбүздөгү жыл ичинде өлкөдө жетинчи ирет үч эм төрөлүп жатат.

Эске салсак, буга чейин үй-бүлөдө үч эм же андан ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөрүн өкмөттөн билдиришкен. Чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0