ТЭЦ ыштын негизги себепчиси эмес. Улуттук энергохолдингдин түшүндүрмөсү

Жазылуу
Улуттук энергохолдингдин төрагасы экологдордун сөзүнө таянып айтканына караганда, жылуулук электр станциясынан чыккан түтүн болгон ыштын 15-20 пайызын гана түзөт.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкекти ыш каптоосуна ТЭЦ негизги себепкер эмес. Мындай билдирүүнү Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров таратты.

"ТЭЦ 1961-жылы курулган. Ал эми ыштын пайда болгонуна 2-3 гана жыл болбодубу. Албетте, буга ТЭЦтин эч кандай тиешеси жок деп айтуудан алысмын. Бирок бул негизги себеп эмес", — деди Назаров.

Смог над Бишкеком - Sputnik Кыргызстан
Бул биздин шаар! Ыш баскан Бишкектин сүрөтү
Анын айтымында, ТЭЦ болгон ыштын аз гана пайызын чыгарууда.

"Экологдор жылуулук электр станциясынан чыккан түтүн болгон ыштын 15-20 пайызын гана түзөрүн айтышты. Мисалы, кичине жаан жаап койду эле аба тазара түштү го. ТЭЦ болсо тынбай иштеп турду", — деди төрага.

Ал кошумчалагандай, эгер ТЭЦти иштетүүдөн баш тартсак, жылуулук менен электр энергиясын кайдан алабыз деген суроо туулат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0