53 млрд. доллар. Бажы кызматы кыргыз-кытай бажысындагы айырманы түшүндүрдү

© AFP / STRПорт Циндао в провинции Шаньдун
Порт Циндао в провинции Шаньдун - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары бажы статистикасында дал келбөөчүлүк бир гана Кыргызстан менен эмес, Россия менен да дал ушундай эле көйгөй бар экенин айтты.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Султан Мамасадыков өлкөлөр ортосундагы товар айлануудагы маалыматтар эмне үчүн башка-башка экенин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, Кытайдын бажы статистикасын жүргүзүүдөгү методологиясы Кыргызстандыкынан айырмаланып турат.

"Бизде тышкы статистиканы түзгөндө негизги көрсөткүч болуп килограмм көрсөтүлсө, Кытайда килограмм көрсөтүлбөйт. Булар транзитти эске албай Кыргызстан аркылуу Тажикстанга, Өзбекстанга, Афганистанга, Түркмөнстанга кеткен жүктөрдү Кыргызстанга кетти деп каттап коюшкан. Ошондой эле Кытайда кошумча нарк салыгын кайтаруу каралган. Бул да статистиканын туура эмес болушуна таасирин тийгизет", — деди ал.

Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз бажысындагы аткезчилик ажолордун башын оорутканда
Мамасадыков Кыргызстан Кытайдан товар салган фирмалар жана транспорттор боюнча маалымат сураганын, бирок Кытай тарап булар купуя маалымат деген жүйө менен баш тартканын кошумчалады.

Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары бажы статистикасында дал келбөөчүлүк бир гана Кыргызстан менен эмес, Россия менен да дал ушундай эле көйгөй бар экенин айтты.

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин бажы тармагындагы маалыматтарынын айырмачылыгы 53 миллиард долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0