"Ак жарыкты" баштайбыз! Баш редактордун окурманга каты

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков. Архив
Sputnik Кыргызстан агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ак жарык" — биздин коомго учурда зарыл болуп турган жаңы рубрика. Акыркы жылдары, айлары, күндөрү кыргызстандыктарга терс маалыматтар көп жана тез тарап жатат. Бул туура эмес энергия болгон-бүткөн дасмиябызды, байымдуулугубузду жутуп жаткандай сезилет.

Муну мен жакында эле коңшум экөөбүз айдап жүргөн машинабыз менен бири-бирибизге орун бербей тирешкенде түшүндүм. Азыр эстесем, албетте, күлкүм келет, бирок учурунда ачууга алдырдык. Акырында жолду мен бошотуп бердим, бирок өзүмдүн да, анын да маанайын буздум. Буга мени эмне түрттү? Эмнеге минттим? Анан баарын дыкаттык менен көз алдыма келтирип ойлоно баштадым. Коңшума чейин эле ачуум келип жүргөн, абдан ачуулангам. Анан терс энергияны көтөрүп жүргөнүмдү түшүндүм. Кыязы, ошол жүктөн кутулгум келген окшойт. Коңшум башта сылык-сыпаа адам көрүнгөнү менен сөгүнүп-сагынып, ошол учурда таанылгыс эле.

Базардагы эл менен Ак үйдөгү аткаминерлерге кандай жардам керек? Видео - Sputnik Кыргызстан
Базардагы эл менен Ак үйдөгү аткаминерлерге кандай жардам керек? Видео
Бир маалда айланамда канча жакшы иштер болуп жаткандыгын эстедим. Бир ирет бургер алганы кезекте тургам. Башкалар алдыдагы өспүрүмдөрдүн 50 сому жетпей калганын алардын бири чөнтөгүн сыйпалай баштаганда түшүндү. Жанында кезекте турган чоочун эле киши унчукпай 50 сом сунду. Рахматын айткан балдар гамбургер сатып алышты. Менин эсимде ушул учур калыптыр. Кайсы жакшы окуя эсимде сакталып калды эле деп өзүмө суроо узатканда дал ушул ирмемди эстедим. Балким алар эбак чоңоюп, баягы 50 сомду такыр эле унутуп калгандыр. Ал тургай акча берген киши деле эсинен чыгарып койсо керек. Бирок менин жадымда экен.

Кечээ ишке келип, кеңседен тааныш көрүнүштү байкадым — кезектеги негатив жаңылык агенттиктин кээ бир кызматкерлеринин ачуусун келтириптир. Бир катарлары өз пикирлерин айтып, ал эми биздин команда ушул үчүн эки лагерге бөлүнүүгө даяр эле. А мен эсимде калган жанагы жакшылыктын илебин жайылтууну эңсеп турдум.

Жаңы рубрика "Ак жарык" деп аталат. Бизди окуган адамдардын көңүлүн күн сайын, мүнөт сайын кайсы бир көчөдө, кайсы бир жерде жасалып, бирок биз байкабай калган жакшылыктарга бурсак дейбиз. Себеби биздин көңүлүбүз трагедиялуу же ачууну келтирген жаңылыктарга бурулуп калган. Менин баамымда, мындан баары чарчап бүттү. Рубрика өлкөбүздө болгон көйгөйлөрдү көз жаздымда калууга чакырбайт. Албетте, аларды да чечиш керек. Бирок ызы-чуу, паника менен эмес. Кеп-сөзгө келип, адилеттүүлүк менен тынч эле, тагыраагы, адамгерчилик менен жайгарса болот.

Эсиңизде болсо керек, Чыңгыз Айтматовдун "Эң кыйыны — күн сайын адам болуу" деген сөзү бар эмеспи.

Мындан ары Sputnik Кыргызстан сайтынан акыркы күндөрү бизге жетишпей жаткан жакшы, жарык окуялар туурасында окуп, жылуулук ала аласыз! Анда кеттик!

Эгер кандайдыр бир жүрөк жылыткан, жылмаюу тартуулаган ирмемдериңиз болсо, news@sputnik.kg дареги аркылуу биз менен бөлүшүп коюуну унутпаңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0