Депутаттар жана уул-кыздары. Бишкектеги соода борборлорунун кожоюну ким

© Sputnik / Евгений БиятовСоода борбору. Архив
Соода борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте эмне көп? Тойканалар менен соода борборлору. Кожоюндары эл көп каттаган жерлерге заңгыраган имарат курат да, ичиндеги орундарды ишкерлерге ижарага берүү менен акча табат.

Өткөн аптанын аягында "арзан жума" өтүп, чоң-чоң соода борборлору жайгашкан көчөлөрдө унаа кыймылы кан буугандай эле токтоп турду. Дүкөн канча көп болсо, дал ошончо кардар чыга берет экен.

Мынчалык күнү тууган бизнеске кимдер ээлик кыларына кызыгып көрдүк.

Бишкектеги менмендеген соода борбору көбүнесе Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары, алардын уул-кыздары, бир туугандары жана чет элдик жарандарга таандык. Мисалы, Asia Mall экс-өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун үй-бүлөсүнө тиешелүү экенин көпчүлүк билет. "Беш-Сары-Сити" болсо депутат Камчыбек Жолдошбаевдики. Муну өзү декларациясында көрсөткөн. Ошондой эле ири дүкөндөргө ээлик кылгандардын арасында мурдагы депутат Аскар Салымбеков жана анын туугандары бар. Баса, шаардын чок ортосундагы "Чынар" (ГУМ — ред.) дүкөнү экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарына таандык.

Курс доллара в Москве - Sputnik Кыргызстан
Кимдин капчыгын кампайтып жатабыз? Кыргызстанда ири дарыканалардын кожоюндары
Буга чейин бир нече ирет өрт чулганган "Гоин" дүкөнүнө мурда экс-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевге таандык "Курманбек" ЖЧКсы кожоюн болчу. Азыр Юстиция министрлигинде негиздөөчү катары башка адамдар көрсөтүлгөн. Директору — Жумалиева Гүлнур Кубанычбековна.

Маалыматтар Юстиция министрлигинин электрондук базасынан алынды. 

"Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнү

Жетекчиси — Михин Михаил Иванович. Акцияларына 680 киши ээлик кылат. Мамлекетке тиешелүү бул дүкөндү 1990-жылдардын башында эмгек жамааты менчиктештирип, акционердик коомго айландырышкан.

Asia Mall соода борбору

Соода борбору "Аллор Строй Сервис" ЖАКсына таандык. Жетекчиси — Баетов Аят Батыркулович. Негиздөөчүсү — Бирбаева Рита Аблайхановна. Маалымат үчүн айта кетсек, буга чейин аны азыркы ЖК депутаты Марлен Маматалиев жетектеп келген.

"Беш-Сары-Сити" соода борбору

Жетекичиси — Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна. Негиздөөчүсү — Камчыбек Жолдошбаев.

Beta Stores соода борбору

Жетекчиси — Эрдогду Салих. Негиздөөчү — Юсуф Угур. Бишкекте эки филиалы бар.

Bishkek Park соода борбору

Жетекчиси — Йылмаз Хусаметтин. Негиздөөчүлөрдүн катарында бир жеке тарап жана бир ишкана бар. Алар: Айдын Мыстажыоглу жана "Мыстачоглу електроник итхалат ихжарат санайи ве тиджарет" ЖЧКсы.

Vefa Center соода борбору

Соода борборуна "Аруу Жылдыз" ишканасы ээлик кылат. Анын негиздөөчүлөрү — Назарбекова Умсун Умаровна жана Оздоган Хасан. Башкы директорлук кызматын дагы Умсун Назарбекова аркалайт.

"Гоин" соода борбору

Жетекчиси — Жумалиева Гүлнур Кубанычбековна. Негиздөөчүсү — Мырзабеков Султан Медетбекович, Мунире, Хэн Чэнюй. 

"Детский мир" соода борбору

Жетекчиси — Абдыгулов Максат Сулайманбекович. Негиздөөчүлөр — MAKA Group ЖЧКСы, "Осмон" ЖЧКсы. 

Dordoi Plaza соода борбору

Жетекчиси — Салымбеков Улугбек Аскарович. Негиздөчүлөрү — Салымбеков Кубат Аскарович, Салымбеков Аскар Мааткабылович, Салымбеков Улугбек Аскарович. Мурда бир эле имараттан турган дүкөнгө былтыр кошумча дагы бир имарат курулуп, ачылышы болгон. 

DK соода борбору

Соода борбору "Делем плюс" ЖЧКсына таандык. Жетекчиси — Жунушев Мирлан Болотович. Негиздөөчүлөр — Умаров Бауыржан Георгиевич, Эгембердиев Азамат Жумабаевич, Насакеева Алина Таалайбековна. 

"Космопарк" соода борбору

Жетекчиси — Кайыпов Алмаз Малдыбаевич. Негиздөөчүлөрү — Салымбеков Улугбек Аскарович, Салымбеков Мамытбай Мааткабылович. 

"Таатан" соода борбору

Жетекчиси — Хуан Гуан. Негиздөөчүлөрү — Султанов Муратбек Жармаматович, Хуан Цзяньхун. 

"Таш-Рабат" соода борбору

Жетекчиси — Шадыбаева Бакыт Гүлмаматовна. Негиздөөчүлөр — Мамазаиров Бозулан Эркинович, "МБЭ ГРУПП" ЖЧКсы.

"Чынар" соода борбору (ГУМ)

Жетекчиси — Түлеев Нарынбек Ташболотович. Негиздөөчүсү — Нурмамбетова Чынар.

Жаңылыктар түрмөгү
0