Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАкция "Вальс Победы" посвященная участникам ВОВ на площади Победы
Акция Вальс Победы посвященная участникам ВОВ на площади Победы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-май — Жеңиш күнү ишемби күнгө туш келгендиктен 11-май дем алыш күн деп саналмак, бирок 4-май ортодо "ачык" калгандыктан эс алууну ошол күнгө жылдырышкан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар келерки жылы май айынын башында беш күн катары менен эс алмай болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Осенний снег в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда окуучулардын кышкы каникулу 12 күнгө созулат
Ага ылайык, 1-май — Эмгек күнү, 2-3-май дем алыш күндөр, 5-май — Кыргызстандын Конституция күнү. Ошондой эле 9-май — Жеңиш күнү ишемби күнгө туш келгендиктен 11-май дем алыш күн деп саналмак, бирок 4-май ортодо "ачык" калгандыктан эс алууну ошол күнгө жылдырышкан. Натыйжада кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат.

Ошондой эле кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен эс алары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0