Ашыкча телефонуңузду улгайгандарга бериңиз. Кыргызстандагы акция

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМеждународный форум по кибербезопасности - "Cyber Security Forum 2017"
Международный форум по кибербезопасности - Cyber Security Forum 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акциянын максаты – санариптик процесстерге улуу муунду тартуу жана смартфондорду пайдалануу аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстанда "Пенсионерге смартфон тартуула!" деп аталган кайрымдуулук акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду билдирди.

Маалыматта акциянын максаты – санариптик процесстерге улуу муунду тартуу жана смартфондорду пайдалануу аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү экени жазылган.

"Силер тартуулаган, иштеп жаткан, колдонууга боло турган ар бир смартфон Кызыл Жарым Ай аркылуу аз камсыз болгон пенсионерлерге берилет. Ошондой эле биз аларга смартфонду пайдаланууну үйрөтөбүз, сүрөт жана видеоотчёт Фейсбуктагы "50+ санариби", Инстаграм @sanarip50 расмий баракчабызга чыгарылат. Эгерде силерде иштеп жаткан ашыкча смартфон бар болсо, анда белек кылгыла – пенсионерге байланышты тартуулагыла!", — деп айтылган маалыматта.

Алар смартфондор Бишкек шаарындагы "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун кеңсесинде — Чүй проспекти, 106 дарегинде чогултулуп жатканын айтышты. Эгерде кандайдыр бир суроолор жаралса, 0505 031975, 0555 151851 телефон номерлерине кайрылса болорун кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0