Чакан жана орто бизнес кылгандардын көбү Бишкекке качат

Жазылуу
Негизинен 2019-жылдын башынан бери өлкөдө 12 миң ар кандай багыттагы компания иштеп жатат. Алардын ичинен 11,3 миңи — чакан, 700ү — орто ишканалар.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Учурда чакан жана орто ишкерлик менен алектенгендердин басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 61 пайыздан көбү өз ишмердүүлүгүн Бишкек шаарында жүргүзөт. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети 2019-жылдын январь-сентябрь айларына карата жасалган жыйынтыгына таянып таратты.

Алар негизинен подрядчы иштер, дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо, мейманканалар жана ресторандарда кызмат көрсөтүү менен алектенет.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны көбөйдү
Негизинен 2019-жылдын башынан бери өлкөдө 12 миң ар кандай багыттагы компания иштеп жатат. Алардын ичинен 11,3 миңи — чакан, 700ү — орточо ишканалар.

Бул аралыкта чакан жана орто ишкерлик субъектилердин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 40,8 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 9,9 пайызга көп экени айтылат.

Ошол эле учурда өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 20,8 пайызга араң жетти. Былтыркы жылдын ушул учурунда бул көлөм 22,1 пайызга көтөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0