ЖКККББ "Коопсуз шаардан" түшкөн акчаны кайда жумшайт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация цифровизированного командного центра в Бишкеке
Презентация цифровизированного командного центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саркуловдун айтымында, учурда бир дагы мамлекеттик органга "Коопсуз шаардан" түшкөн каражат бөлүнүп бериле элек.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары (ЖКККББ) Ыманалы Саркулов "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн акча кайда жумшаларын айтып берди.

Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда жол кырсыктардын санынын өсүшүнө эмне себеп?" аттуу тегерек столго катышты.

Анын айтымында, каражат "Коопсуз шаар" долбоорунун системасын өнүктүрүүгө багытталып жатат.

"Долбоордон түшкөн акча кандайча сарпталары өкмөттүн токтомунда белгиленген. Мисалы, ЖКККББга каражаттын 15 пайызы бөлүнүп, Мониторинг борборун жакшыртууга жумшалат. Себеби борборго түшкөн материалдар арбын, мындан улам аны дайыма өнүктүрүп туруу керек", — деди ал.

Водительское удостоверение гражданина Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жаңы айдоочулук күбөлүк качан берилери маалым болду
Саркулов мамлекеттик органдарга "Коопсуз шаардан" түшкөн каражат бөлүнүп бериле электигин айтып, бирок маселе жакынкы күндөрү чечилиши керек деп белгиледи.

"Каражатты бөлүштүрүү боюнча актыга кол коюлган. 2019-жылдын аягында же 2020-жылдын башында өкмөт бөлүштүрүү иштерин баштайт", — деди Саркулов.

Ал ошондой эле каражат айрым ведомстволорго дагы бөлүнөрүн кошумчалады.

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына каражаттын 5 пайызы тийип, айдоочулардын жеке маалыматтары сыртка чыгып кетпегидей сакталышы үчүн жумшалат. Эгер Аппараттык программалык комплекс (АПК) жергиликтүү бийликтин аймагында жайгашкан болсо анда ошол бийликке каражаттын 25 пайызы берилет", — деди Саркулов.

Ал эми жол Транспорт министрлигинин балансында болсо аларга 5 пайызы берилет. Түшкөн акчага медициналык жабдыктарды алуу жана Тез жардам кызматынын станцияларын ачуу дагы пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0