Талант Исаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында генералга карата козголгон иште кылмыштын курамы жок экени аныкталган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Талантбек Исаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Ага ылайык, Исаевге Жазык кодексинин 320-беренесинин 1-бөлүгү ("Кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирүү") боюнча шектелип сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

"Талант Исаев 2011-жылы 30-майда ИИМдин кадры катары жүргөнүнө карабай "Компания Манас Менеджмент" ЖАКтын вице-президенти кызматына дайындалган. Ал жактан директорлор кеңишинин чечими менен пайызсыз насыя алып, кайра төгүп берген. "Ички иштер органы жөнүндө" мыйзамга ылайык, органдын кызматкерлери пайызсыз алган насыяны ишкерликке жумшабаса, мыйзамга каршы келбейт", — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Исаевге карата козголгон иште кылмыштын курамы жок экени аныкталган. Мындан улам 3-декабрда кылмыш иши кыскартылды. Ага карата кылмыш иши козголгону туурасында ушул жылдын 26-ноябрында кабарланган

Жаңылыктар түрмөгү
0